Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:22

Шакиев казак Сенатынын төрагасы менен мигранттар маселесин сүйлөшкөнүн билдирди


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен мигранттардын маселесин сүйлөшкөнүн парламенттин 25-январдагы жыйынында билдирди.

“Ал (ред: - Ашибаев) маселени түшүндү. Астанага барары менен бул маселени чукул карап, оң жакка чечүүгө аракет кыларын билдирди. Казакстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисине дароо тапшырма берди”, - деди Шакиев.

Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстанга 23-январда расмий сапары менен келип кеткен. Ал парламент төрагасы жана депутаттары менен жолугушууларды өткөргөн.

24-январда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата өткөн форумга да катышты. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары чыңдоо жана кеңейтүүнү талкуулашты.

Казакстан ЕАЭБдин жарандарына өлкөдө жүрүү мөөнөтүн кыскарткан эреже киргизген. Ага ылайык, 27-январдан тарта Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары Казакстанда жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат. Казак өкмөтүнүн бул токтому 16-январдан тарта күчүнө кирди.

Мурда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандары Казакстанда чек арадан чыгып-кирип коюп, каалашынча жүрө берчү. 30 күнгө чейин эч кандай каттоосуз, 60 күн жашаган жеринде каттоого туруп жүргөнгө укуктуу болчу. Андан кийин чек арадан чыгып, кайра кирип, дагы 90 күн жүрө алчу.

Эми Казакстанда узак мөөнөткө калчу чет элдиктер бир жылдык виза же убактылуу жашоого уруксат алууга милдеттүү. Виза чет элдик паспорту барларга гана берилет.

Азырынча бул эреже тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат бере элек.

Буга чейин Орусия да миграциялык эрежелерин катаалдаштырган. (TAb)

XS
SM
MD
LG