Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:43

Камактагы активист Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүүнү талап кылды


Атай Бейшенбек соттук отурумдардын биринде. Архивдик сүрөт.
Атай Бейшенбек соттук отурумдардын биринде. Архивдик сүрөт.

Кемпир-Абад ишинин алкагында камалып жаткан активит Атай Бейшенбек Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу таратып, сот жараянын ачык өткөрүүнү талап кылып, онлайн флешмоб баштай турганын жарыялаган.

“Мага коюлган айыптар – абсурд экенин сиздер түшүнүп турасыздар деп ойлойм. Тергөө иштери жүрбөй, айып койгон протоколдор өзгөрүп, "ботко" болгону аз келгенсип, эми ишке “жашыруун” деген макам берип, эч кимге билдирбей, жашырып чечим кабыл алганы калышты" - деп жазылган билдирүүдө.

"Достор, сиздердин колдооңуздарга муктажбыз, жалгыз ишенич, таяна турганыбыз элибиз жана көз карандысыз ЖМК болуп калды" - деп жазды активист.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф берилгенин 18-январда “Азаттык” радиосуна экс-депутат Орозайым Нарматованын жактоочусу Гуляна Убалиева билдирген. Ага тергөө тобунун башчысы жакынкы күндөрү документти көрсөтөбүз деп айткан.

19-январда "Кыргызстан адвокаттарынын ассоциациясы" ишке жашыруун" деген гриф койгонду мыйзамсыз деген билдирүү таратты.

Былтыр октябрда саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынып, Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирсе, камалгандар бийликти сындаганы үчүн "саясий куугунтук" деп атап жатышат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

"Кабар" маалымат агенттиги менен болгон маегинде президент Садыр Жапаров бул иш боюнча камалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG