Бишкек шаарына ыштан улам өзгөчө кырдаал жарыялоого негиз жок. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов 19-январда парламенттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай абал абанын сапаты боюнча зыяндуу бөлүкчөлөрдүн нормасы 50дөн ашкан учурда гана киргизилет.
"Кыргызгидрометтин Бишкек шаары, Чүйдүн үч районунда 50 датчиги бар. Анын көрсөткөнү боюнча зыяндуу болүкчөлөрдүн нормасы 9 эсе ашкан. Ал эми өзгөчө кырдаал 50 эсе ашкан учурда киргизилет. Ыш боюнча өзгөчө кырдаал киргизгенге мыйзамдуу негиз жок", - деди министрдин орун басары.
Жыйынга катышкан саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева адамдын ден соолугуна ыштын зыяны бар экенин билдирди. Ал соңку учурда өпкө, жүрөк оорулары, бронхиалдык астма, аллергия бронхити көбөйгөнүн кошумчалады. Бирок бул көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында ден соолуктун индексине киргизилип, мыйзамдык нормалар менен бекитилиши керектигин белгиледи.
Жогорку Кеңеш калкты жылуулук, электр энергия жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кырдаал, Бишкектеги ыш жөнүндө министрлердин маалыматын угуп жатат.
Парламенттин 18-январдагы жыйынында депутат Исхак Масалиев Бишкекти ыш каптаганын айтып, өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштаган. Муну башка депутаттар да колдошкон.
Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун 19-январга карата индексинде Бишкек биринчи сапка чыкты. Ага ылайык, абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен. Бишкектин кийинки беш орунда Индиянын Дели, Мумбай, Бангладештин Дакка, Пакистандын Лахор, Өзбекстандын Ташкент шаарлары турат. Абанын сапатына жараша тизме улам өзгөрүп турат.
Бишкек жана Ош шаарларында акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталганда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт.
Кыргызстанда өткөн аптада быйылкы кыш башталгандан бери эң суук күндөр болду. Электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүп, от жаккандар көбөйгөнү шаардагы абанын сапатына таасирин тийгизди. (КЕ)