Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:28

"Түндүк-Түштүк" жолу: Курулуштан акча уурдагандарды жазалоо талабы коюлду


"Түндүк-Түштүк" автожолу. Архивдик сүрөт.
"Түндүк-Түштүк" автожолу. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарын байланыштыра турган альтернативдүү автожолдун курулушуна кеткен акчаны текшерүү, анын мыйзамсыз коротулганы аныкталса күнөөлүүлөрдү түрмөгө отургузуу демилгеси көтөрүлүүдө.

Жогорку Кеңештин 29-декабрдагы жыйынында буга чейинки чакырылышта түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссияларды жоюу маселеси каралып жатканда депутат Улан Бакасов “Түндүк-Түштүк” автожолунун курулушу боюнча мурдагы комиссиянын ордуна жаңысын түзүү керектигин айтты:

“Ал жакта канча деген акча корогонун билесиздер. Жол начар салынган. Сапатсыз”.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев аталган жол боюнча буга чейинки чакырылышта түзүлгөн комиссия ишин толук жүргүзбөй калганын белгилеп, жаңы комиссия түзүү демилгесин колдой турганын, күнөөлүүлөр аныкталса аларды жазага тартуу керектигин белгиледи:

“Бир миллиард доллар кеткен. Тактап, ким күнөөлүү экенин, ким канча акча жеп кеткенин аныкташыбыз, отургузгандарды отургузушубуз керек”.

Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык "Түндүк-Түштүк" жолу Кыргызстандын эгемендикке ээ болгондон берки эң дымактуу долбоору катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт.

2015-жылы башталган долбоордун наркы 937 миллион долларлык (анын 46 миллиону грант) насыя. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулуш иштерин Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Эсеп палатасы жолду долбоорлоо ишинде 35 миллион доллардай акча максатсыз пайдаланылганы 2016-жылы аныкталганын жана материалдар тийиштүү мекемелерге өткөрүлүп берилгенин маалымдаган.

Буга чейинки чакырылыштагы депутаттык комиссия "Ата Мекен" фракциясынын сунушу менен 2021-жылы июнь айында түзүлгөн. Анын курамына ар бир фракциядан экиден депутат кирген. (RK)

XS
SM
MD
LG