Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

Акылбек Жапаров өзгөчө макам берилген окуу жайлардын ишин сындады


Билим берүү жана илим министрлигинин имараты.
Билим берүү жана илим министрлигинин имараты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарым жыл мурун өзгөчө макам ыйгарылган беш окуу жайдын ишин сындады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаровдун айтымында, беш жогорку окуу жайдын каржылык, материалдык жана интеллектуалдык дараметин жогорулатып, дүйнөлүк талапка шайкеш келтирүү үчүн берилген тапшырмалар аткарылган эмес.

“Президенттин жарлыгынын аткарылышына канааттанган жокмун. Чечим кабыл алынгандан бери алты ай өттү, бирок мен жогорку окуу жайлардын өнүгүү стратегияларын, келерки жылга конкреттүү иш пландарын, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана университетти башкаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды көрө алган жокмун”, - деди Жапаров.

Садыр Жапаров 18-июлда кол койгон жарлыкка ылайык, өзгөчө макам Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына жана Ош мамлекеттик университетине берилген.

Жарлыкта өзгөчө макам аталган окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны берилери айтылган. Кыргызстанда 76 жогорку окуу жайында 231 миңден ашуун студент билим алат, алардын 70 миңдейи башка мамлекеттердин жараны.(TSh)

XS
SM
MD
LG