Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:17

Министрлик, мекемелердин жыл ичиндеги ишине баа берилди


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

2022-жылы аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда тогуз мекеме мыкты деп табылган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн 28-декабрдагы жыйынында билдирди.

Ал 2022-жылга 650 иш-чара каралганын айтып, анын аткарылышы боюнча "мыкты" деп саналган мекемелерди тизмектеди:

  • Мамлекеттик салык кызматы;
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
  • Ички иштер министрлиги;
  • Коргоо министрлиги;
  • Тышкы иштер министрлиги;
  • Юстиция министрлиги;
  • Улуттук статистика комитети;
  • Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги;
  • Социалдык фонду.

19 мамлекеттик органдын иши "жакшы" деп табылган.

Ал эми Энергетика министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба агенттигине "канааттандырарлык", Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмө министрлигине "төмөн" деген баа берилген.

Жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык, өкмөт Министрлер кабинети болуп өзгөртүлгөн. 2021-жылы октябрда Акылбек Жапаров баштаган өкмөттүн курамы ишке киришкен. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын төрт орун басары жана 15 министрлик кирет. (TAb)

XS
SM
MD
LG