Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:31

Акылбек Жапаров: тоо-кен тармагынан 48 млрд. сом түшөрү күтүлүп жатат


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда быйыл тоо-кен тармагынан 48 миллиард сом киреше түшөрү күтүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 28-декабрдагы өкмөттүн жыл жыйынтыгын чыгарган отурумунда айтты.

"Тоо-кен тармагынан 2018-жылы 11 миллиард, 2019-жылы 13 миллиард киреше түшкөн. 2021-жылы 22,9 миллиардга жетти. Ошондо соңку эки жылда 70,9 миллиард сом түшөрү күтүлүп жатат", - деди Жапаров.

Анын маалыматына караганда, быйыл он айда "Кумтөр" кенинен түшкөн киреше 26,5 миллиард сомго жетери күтүлүп жатат. 2021-жылы бул кенден он тоннадан ашык, быйыл 17,2 тонна алтын өндүрүлгөн.

Жапаров жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия үчүн жыйымдардын көтөрүлүшү менен былтыр 244 миллион, быйыл он айда 529 миллион 170 миң сом бюджетке түшкөнүн, жүзгө жакын лицензия кайтарып алынганын маалымдады.

Ноябрь айынын башында “Kумтөр Голд Компани” тогуз айдагы ишинин жыйынтыгын жарыялаган. Ага ылайык, компания быйыл тогуз айда 12 тонна 110 килограмм алтын өндүрүп, анын 11 тонна 805 килограммын сатып 680 млн. долларга жакын киреше тапкан.

Кенди Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. Башкы прокуратура аны 13-сентябрда коррупцияга байланыштуу кармаган.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жана оппозиция кендин ишмердиги ачык жүрүшү керектигин билдирип, бийликтен тез-тез отчёт берип турууну талап кылып кылган. Парламентте Кумтөр кенинин ишмердигин иликтөө үчүн депутаттык комиссия да түзүлгөн. (TAb)

XS
SM
MD
LG