Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:09

Тогуз айда орус паспортун Тажикстандын 119 миң жараны алды


Сахароводогу тажикс мигранттары
Сахароводогу тажикс мигранттары

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымдагандай, быйылкы тогуз айда орус паспортун Тажикстандын 119 миң жараны алды.

Расмий Дүйшөмбү согуш абалындагы өлкөнүн паспортторун алуунун кесепеттери тууралуу эч кандай билдирүү жасаган эмес. Ошол эле маалда эмгек мигранттары үчүн жарандыгын алмаштыруу ал өлкөдө жашап, иштөөнүн ыңгайлуу жолу.

Орусиянын статистикалык отчетунда тажиктер эң көп орус паспортторун июль-сентябрь айларында алганы айтылат. Бул тууралуу «Озоди» радиосу жазды. Орточо алганда күнүнө 500дөй тажикстандыкка орус паспорту берилет.

Украинадагы согуш башталгандан бери орус жарандыгын алууну каалаган чет өлкөлүктөр сезилерлик азайган.

"Озодинин" маалыматына ылайык, былтыр орус паспортун тажикстандык 103,6 миң киши алган.

Андан тышкары быйыл октябрь айына карай Тажикстандын 114 миңден ашуун жаранынан Орусияда жашоого уруксат берилген.

Жыл сайын кошуна өлкөдөн жүз миңдеген киши Орусияга жумуш издеп кетет. Орусия өзүнүн аймагында тажикстандык 2 миллион мигрант жүргөнүн айтып келет.

XS
SM
MD
LG