Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:47

Кайдыгер коом "ажыдаарды" ойготот


Сөз эркиндигин коргогон жүрүш. 23-январь, 2022-жыл.
Сөз эркиндигин коргогон жүрүш. 23-январь, 2022-жыл.

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Баардыгы баарыбызга тиешелүү. Ч.Айтматов

Мажарстандын белгилүү жазуучусу Шанта Ференцтин «Бешинчи мөөр» аталыштагы романынын негизинде тартылган атактуу кинорежиссёр Золтан Фабринин аты уйкаш тасмасы бийлик табияты, жеке адам менен бийликтин мамилеси, фашизм, өмүр менен өлүм чегиндеги кишинин тандоосу тууралуу баяндайт.

Өткөн кылымдын тээ жетимишинчи жылдары дүйнөлүк коомчулукка сунушталып, бир топ абройлуу сыйлыктарга татыктуу болгон аталган фильм бүгүн да өз маанисин жоготкон жок. Анткени учурдагы эл аралык абал, Орусия-Украина согушу, Ооганстандагы жана башка өлкөлөрдөгү маданий-агартуучулук жактан артка кетенчиктөө адамзат канчалык туңгуюкка кептелгендигинен кабар берип жатат. Ал эле эмес, өзүбүздүн Кыргызстандагы акыркы камоолор, саясий куугунтуктар, адам укуктарынын көз көрүнөө бузулуп жатышы, бийликтин өкүмзордугу, тагдыр чечүүчү маселелерде жалпы элдин кайдыгерлиги же коркок билиштик кылып унчукпай дымып калгандыгы жеке адамдын же жалпы элдин жоопкерчилиги тууралуу маселени биринчи планга алып чыгууда.

Ырас, «Бешинчи мөөр» тартылгандан бери дээрлик жарым кылым өттү, ал эми фашисттик режимдин кыйраганына сексен жылга чамалап барат. Бирок адамзат ошол калыбынан өзгөргөн жок. Дагы эле баягы согуш, дагы эле диний тиреш, дагы эле аягы тыйылбаган саясий репрессиялар.

Эң кейиштүүсү, бийлик башына келип жаткандардын (жалаң бизде эле эмес) рухий көрөңгөсүнүн улам барган сайын көңдөйлөнүшү, адеп-ахлагынын өксүктүгү, маданий деңгээлинин ашкере төмөндүгү. Мындан да коркунучтуусу, фашисттик Германия жеңилгенде түп-тамыры менен жок болду делген фашизмдин дүйнөдө кайра баш көтөрүп, кучак жайып жатышы.

«Ушунун баарына ким күнөөлүү? Ким жол берип жатат? Эмне үчүн мындай болууда?» деген мыйзамдуу суроолор жаралбай койбойт. Көрсө, буга бир гана саясий, диний ишмерлер, өлкө башчылары, ар кандай лидерлер айыптуу эмес экен. Буга ар бирибиз, мен жана сиз, жалпы адамзат күнөөлүү экен.

Мен сөз кылып жаткан Золтан Фабринин тасмасы мына ушул жөнүндө.

Өзөгүндө терең философиялык мааниси бар, диний-эсхатологиялык подтекстти да камтыган «Бешинчи мөөрдө» аллюзиялар, үндөштүктөр өтө көп. Алардын баарын бул чакан макалада ар тараптуу талдоого алууга такыр мүмкүн эмес. Мен тек өзүмдү көбүрөөк кызыктырган маселеге, жеке инсан (же жалпы эл) жана бийлик маселесине токтолмокчумун. Анткени тасманын жүрүшүнөн байкаганыбыздай, адам баласына кас, түпкү ниети анын кадыр-баркын тебелеп-тепсеп, анын инсанын биротоло жексен кылып жок кылуу, аны тил-оозсуз кул пендеге айландыруу болгон ар кандай фашисттик, авторитардык, диктатордук кландардын бийликке келишине биз баарыбыз себепчи болот экенбиз.

Биз өзүбүздүн кайдыгерлигибиз, жеке кызыкчылыгыбызды гана ойлогон өзүмчүлдүгүбүз же баарына баш ийкеп макул боло берген момун чалдыгыбыз менен жогорудагыдай алааматтарга түрткү болот турбайбызбы! «Азыркы учурга чейин адекваттуу аныктамасы табылбаган коркунучтуу окуялардын болушу биздин үн катпаганыбыздан, балким, макул боло бергендигибизден жасалып жаткандыр?» – деп залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов бул көрүнүшкө таасын баасын берген экен.

Мен студент кезде Тажикстандагы жарандык согуш тууралуу жазган «Ажыдаар» деген аңгемемдин баш каарманы: «Көрсө, менин согушка эч тиешем жок, бейтарапмын деп катуу жаңылып жүргөн экем да. Көрсө, согуштун чыгышына мен… биз баарыбыз күнөөлүү турбайбызбы? Көрсө, согуш мурда эле башталган турбайбы. Согуштун тамыры ар бирибиздин жүрөгүбүздө, жан дүйнөбүздө айлап-жылдап өрчүгөн окшобойбу! А кокус ошол тамыр көпчүлүктүн, жалпы элдин дилинде пайда болсочу. Анда… анда эмне болот?...» – деп, согуштун не бир азап-тозогун көргөндөн кийин гана «баардыгы баарыбызга тиешелүү» (Ч.Айтматов) экендигин түшүнөт.

«Бешинчи мөөрдүн» кейипкерлеринин бири, жыгач уста Ковач: «Менин эч кимге жамандыгым жок, адал мээнети менен нан таап жеген түз, чынчыл кишимин. Эч качан мыйзам жолунан да чыккан эмесмин», – дейт. Анын сөзүнүн маанисине көңүл бурсак, «мейли, кандай бийлик болсун, мен эч качан нааразылыгымды билдирген эмесмин, демек, ал да менин бейпил турмушумду козгоп, тынчтыгымды бузбайт» деген түшүнүк менен жашайт.

Эң өкүнүчтүүсү, ал канчалык чынчыл болбосун, канчалык адал жашабасын, өзүнүн унчукпай келише берүүчүлүгү менен фашисттик диктатуранын орношуна салым кошкондугун ойлоп да койбойт. Тилекке каршы, учурдагы авторитардык режим өкүм сүрүп жаткан өлкөлөрдүн жарандарынын басымдуу бөлүгү ушундай эле көз караш менен жашайт.

Ковачтын ашыналары (айрыкча саат оңдогуч Дюрица) салашисттердин бийлиги өлкөгө кандай оор кесепеттерди алып келгендигин көрүп-билип турат, аларды ашкере жек көрөт, алардан кутулгулары келет, бирок ачык нааразылык көрсөтүшпөйт. Биз «кичине кишилербиз», ошондуктан өлкөдөгү кайсы бир нерсени өзгөртүүгө биздин кудуретибиз, чама-чаркыбыз жетпейт деп ойлошот. Болуп жаткан жаман иштерге биз катышпадык, демек, биздин абийирибиз таза деп өздөрүн жооткотот. Тасманын финалында мыкаачы мамлекеттик машина Ковач сыяктуу алардын да (Дюрицадан башка баарынын) башын жутат.

«Өзүн сыйлаган адам нааразы болот, каршылык көрсөтөт, атүгүл күрөшкөнгө чейин барат. Кантип эле сиз бизден корккон, бизди жек көргөн, ошол эле учурда өзүн урматтаган кишилерди бошотуп жибергиңиз келип жатат? Кантип эле ушундай жаңылыш кадамга барасыз? Жок, алардын кымындай адамдык намыс-ары бар турганда, биз эч нерсеге жетише албайбыз. Биздин негизги максатыбыз – аларды басынтып, өздөрүнө-өздөрү жийиркенген даражага чейин жеткирүү!», – дейт фашисттик идеологиянын мыкчегери, полиция башчысына кеп-кеңешин айтып жатып.

Адамды чөгөлөтүү, аны тил-оозсуз макулукка айландыруу – бир эле фашисттик диктатуранын мүдөөсү эмес, бардык авторитардык режимдердин максат-ниети. Мунун талашсыз чындык экенине бүгүн дагы бир жолу көзүбүз жетип жатат.

Бирок адамзаттын түпкү тилеги эркиндик болгондон кийин, качандыр бир келечекте дүйнөдө демократиялык коомду куруу болгондон кийин, ал эч качан багынбайт да жеңилбейт. Анын руху, дем-дымагы, сөзү эч качан өлбөйт. Бул тууралуу жапан акылманы Дайсаку Икеда кеменгер жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен болгон дил маегинде минтип таамай айтыптыр: «Ачык зомбулук көрсөткөн бийликтин алдында эл дайыма кудуретсиз. Анын жападан жалгыз куралы – Сөз. Адам канчалык көп куугунтукталып, зомбулукка кабылса, сөзү ошончолук курчуп, чыңдалат. Зөөкүр сөздү канчалык басынтса, ал гранит сымал ошончолук бекем боло баштайт. Адамды өрттөп жок кылганга буюрган күндө да, сөзү өлбөйт. Мына ошондуктан кээ бирөөлөр өзүн курмандыкка чалып болсо да, сөзүн коргоп калат».

Бул ирет сөзүмдү жыйынтыктап жатып, көрүнүктүү кинорежиссёр Золтан Фабринин экзистенциалдык нукта тартылган «Бешинчи мөөр» тасмасын убакыт таап сөзсүз көрүңүздөр деп, жалпы көрөрмандарга сунуш кылам. Фильмдин өзүн эле көрбөй, ал жөнүндө жазылган ой-пикир, талдоолорду интернеттен таап, окуп-уксаңыздар, ары татаал, ары көп кырдуу тасманы тереңирээк аңдап-түшүнөсүздөр деп ойлойм. Эң башкысы, аталган тасма мамлекеттин, өлкөнүн (кеңири алганда дүйнөнүн) тагдыры үчүн ар бир адам – мейли ал ким болбосун – жоопкерчиликтүү экендигин баамдаганга жардам берет.

Аким Кожоев

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG