Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Айыл чарба министринин орун басарлары алмашты


Мурат Раматов жана Самат Насирдинов.
Мурат Раматов жана Самат Насирдинов.

Айыл чарба министринин жаңы дайындалган орун басарлары - Мурат Раматов менен Самат Насирдинов 19-декабрда эмгек жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айыл чарба министринин жаңы орун басарларын дайындоо боюнча буйругу 15-декабрда чыккан.

Мурат Раматов 2014-2016-жылдары Жети-Өгүз райондук администрациянын акиминин орун басары, 2018-2021-жылдары Өзгөн районунун акими болгон. Быйыл июндан баштап үч ай "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасында аймактарды өнүктүрүү жана фонддор менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Самат Насирдинов буга чейин Улуттук статистика комитетинин төрагасы, андан мурда "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары кызматын ээлеген.

Буга чейин айыл чарба министринин орун басарлары Азамат Мукашев өз каалоосу менен, Нурия Сооронкулова башка кызматка өткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG