Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Масалиев: Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун кароо алты айга жылды


Надира Нарматова.
Надира Нарматова.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун парламентте кароо алты айга жылдырыларын билдирди. Бул тууралуу депутат Бишкекте "Биригүү жана ассоциация түзүү эркиндигине укук" деп аталган талкууда айтты.

Жыйында жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова демилгелеген “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана президенттин администрациясы жазган “Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорлорун талкуулап жатат.

Бирок депутат Надира Нарматова бул маалыматты четке кагып, өзү демилгелеген мыйзам долбоорун кароонун мөөнөтү өзгөрбөгөнүн айтты. Ал мыйзам долбоору азыр коомдук талкууда экенин, аны парламентте кароо процедура боюнча жүрө турганын "Азаттыкка" билдирди.

Нарматова демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 21-ноябрда коомдук талкууга коюлган.

2-ноябрда президенттик администрация бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документке ылайык, "чет өлкөлүк бейөкмөт уюм" деген түшүнүк кирип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт. Долбоор колдоо тапса, бардык бейөкмөт уюмдар тизмеге алынат, аларды Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги толук көзөмөлдөйт, каржылык текшерүү күчөйт, айрымдарына мамлекет колдоо көрсөтөт.

Бул мыйзам долбоорлору боюнча бир катар эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорлорун артка кайтарууга чакырган.

Президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушев 19-декабрдагы "Биригүү жана ассоциация түзүү эркиндигине укук" деп аталган жыйында президент Садыр Жапаров бул документти кайра иштеп чыгуу үчүн топ түзүүгө макул экенин, бул топ 20-декабрда биринчи жыйынга чогуларын айтты.

Укушев мындан улам жарандык коомдун өкүлдөрүн ага катышууга, 15-январга чейин эксперттерди сунуштоого чакырды.

XS
SM
MD
LG