Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

Катарда Pussy Riot тобунун өкүлдөрү кармалды


Вероника Никульшина
Вероника Никульшина

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионатында нааразылык акциясын уюштурууга аракет кылган деген шек менен Pussy Riot тобунун өкүлдөрү Петр Верзилов, Вероника Никульшина жана алардын дагы бир шериги кармалды. Бул маалыматты бир катар немис басылмалары Берлиндеги Cinema for Peace уюмуна шилтеме кылып жазды.

Ага ылайык, активисттер Орусиянын Украинага каршы согушун айыптап, абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын бошотулушун жана Ирандагы аялдардын укугунун сакталышын талап кылып футбол талаасына чуркап чыгышмак.

Чемпионаттын уюштуруучулары менен Катардын бийлиги бул маалыматты азырынча ырастап же төгүндөй элек.

2018-жылы Москвада футбол боюнча дүйнө чемпионаты маалында Верзилов жана Никульшина баштаган Pussy Riot тобунун өкүлдөрү нааразылык акциясын өткөргөн. Алар полициянын формасын кийип алып оюн талаасына чуркап чыгып, саясий негизде камалгандардын бошотулушун талап кылган. Кармалгандарга административдик айып пул чегерилген.

Pussy Riot тобунун кыздары 2012-жылы панктарча кийинип алып чиркөөгө кирип, Путинге каршы ырдаганы үчүн камалган. Кийин мунапыс менен кыздар абактан бошонуп чыккан.

XS
SM
MD
LG