20-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -21…-26, күндүз -1…-6;
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8° суук, күндүз 7…9 градус жогору болот.