Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:17

Президент Жапаров тик учак тууралуу пикирлерге жооп берди


Кыргызстан сатып алган тик учактар.
Кыргызстан сатып алган тик учактар.

Президент Садыр Жапаров 14-декабрда “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) быйыл сатып алынган эки тик учак тууралуу суроого жооп берди. Ал тик учактарды тез жардам катары колдонсо болорун, аны бизнесмендер, чет өлкөдөн келген туристтер же катардагы жарандар деле ижарага алып өлкөнүн булуң-бурчуна учса болорун билдирди.

“Тик учактарды мамлекет жеке жактарга ижарага берет экен деп трагедия жасаштын кажети жок. Мисалы, өткөндө бир ишкер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын ижарага алып, Чаткалга барып келсе, “ар ким той-топурга учсун деп алдык беле, бул тик учакты?” деп сындап чыккандар болду. Бул жерде тик учакты ижарага алып, төлөгөн акча мамлекетке түшүп жатканын түшүнүшүбүз зарыл. Башка жеке компаниялардан жалдап, каражат жеке жактарга түшкөнчө, мамлекеттин казынасына түшкөнү жакшы эмеспи. Андыктан, биз “мамлекеттин тик учагын мамлекет эле колдонуп, башка учурда жөн эле токтоп тура бериши керек” деген ой-жүгүртүүдөн кетишибиз керек”, - деди ал.

Кыргызстан быйыл август жана декабрь айларында Airbus H145 үлгүсүндөгү эки тик учак сатып алды. Садыр Жапаров алардын баасы тууралуу маалымат берген жок.

Жакында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы сатып алынган Airbus H145 тик учагы менен Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарын кыдырып келди.

Быйыл 17-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Азамат Арапбаев ӨКМдин тик учагы менен Чаткалга тойго барып келгени тууралуу маалыматтар чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мекемеге таандык тик учактын ижарага берилгенин ырастап, коомчулукта талкуу жаралган. Министрлик тик учактын ижара акысы саатына 2300 доллар экенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG