Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Иранда нааразылыкка чыккандардын бири өлүм жазасына тартылды


Ирандагы өлүм жазасын аткаруу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандагы өлүм жазасын аткаруу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандын бийлиги уланып жаткан нааразылык акцияларына чыккандардын ичинен камакка алынгандардын бирин өлүм жазасына тарткан өкүмдү аткарды.

“Азаттыктын” Иран кызматы – “Фарда” радиосу Mizan маалымат агенттигине таянып жазгандай, Мохсен Шекари атуу жаран күч кызматкерлерин жарадар кылган “куралдуу аракеттерге” катышкан деген айып боюнча күнөөлүү деп табылды. Жогорку сот анын апелляцияга арыз берүү укугун четке каккандан кийин, ал 8-декабрда дарга асылды.

Ирандагы соңку нааразылык акциялары эки жарым ай мурда тутанган. 13-сентябрда Тегерандын Адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөн деген негизде 22 жаштагы студент Махса Аминини кармап кеткен. Үч күндөн кийин, 16-сентябрда ал абакта каза болуп калган. Полиция кыз жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып берген.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн кеминде 80 шаарында тутанып, полиция менен кагылышуу катталды. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатса, кийин ал өкмөткө каршы жүрүшкө айланды. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар көп болду.

Бийлик күч колдонуу менен басып жатканына карабай каршылыктар дале токтобой келет. Интернетте тараган видеолордо көрүнүп тургандай, коопсуздук кызматкерлери демонстранттарга каршы курал колдонуп, митингчилерди атып жатат. Демонстранттар курал кампаларын басып алып, өкмөттүк күчтөргө ок чыгарып жатканы кабарланууда.

Ирандын бийлиги нааразылыкты басуу үчүн анда кармалгандарга катаал жаза берип, бир нече демонстрантты өлүм жазасына өкүм кылды. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү жана бир катар эл аралык уюмдар митингге чыккандарга карата мындай өкүмдөрдү кескин айыптоодо.

Норвегияда жайгашкан ирандыктардын укуктарын коргоо маалымат агенттиги (Human Rights Activists News Agency – HRANA) соңку статистикасында Ирандагы каршылыктардын курмандыктары 470ке жеткенин маалымдады. Анын 64ү жаш бала. (ErN)

XS
SM
MD
LG