"Биз айтпасак анда ким?". Аял режиссерлор зомбулукка каршы
Бишкекте гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында Аялдар тарткан тасмалардын жумалыгы өтүп жатат. Ал киночу айымдарга колдоо көрсөтүү жана аларга кеңири аудиторияга эмгегин тартуулап, көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган. Жумалыктын биринчи күнүндө балбан кыздар тууралуу тасма көрсөтүлдү.