Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

Орус мунайынын Европага экспорту боюнча чектөө күчүнө кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 5-декабрдан тартып Европа Биримдигинин Орусиянын мунайын деңиз жолдору аркылуу сатып алууга жана анын баасына карата киргизген чектөөсү иштей баштайт.

Евробиримдик жана Кошмо Штаттар Орусиянын мунайынын бир баррели 60 доллар болот деп өткөн апта соңунда макулдашкан.

Эки ай мурда алар Орусиянын танкердик мунайын сатып алуудан баш тартышкан. Дүйнөнүн өнүккөн жети өлкөсү Орусиянын мунай сатуудан кирешесин азайтуу максатында баанын жогорку чегин аныктап, ошондон кымбат сатып албоону чечкен.

Орусия мындай чектөө ага маселе жаратпайт деген пикирде. Өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Москва мунайдын баасы жана көлөмү боюнча ар бир өлкө менен өз алдынча сүйлөшүп, аныктап аларын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG