Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Ирандын бийлиги Адеп-ахлак полициясы жоюларын билдирди


Адеп-ахлак полициясынын кызматкери.
Адеп-ахлак полициясынын кызматкери.

Ирандын башкы прокурору Мохаммад Жафар Монтазери өлкөдө Адеп-ахлак полициясы жоюларын билдирди. Мындай чечим Иранда эки айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан массалык нааразылык акцияларынын фонунда кабыл алынды.

Монтазери ошондой эле өкмөт аялдардын хижаб кийүүсүн талап кылган мыйзамды кайра карап чыгышы мүмкүн экенин кошумчалады. Анын айтымында, бул маселени парламент менен Юстиция министрлиги талкуулап жатат, бир-эки жуманын ичинде чечим кабыл алынышы мүмкүн.

Буга чейин Ирандын бийлиги митингчилердин талаптары аткарылбай турганын билдирип, өлкөдөгү башаламандыкка АКШны, Израилди, алар менен байланышы бар “террордук жана сепаратисттик топторду”, ошондой эле Иракта жайгашкан күрд оппозиционерлерин айыптаган.

Иранда адеп-ахлак полициясы 2006-жылы ошол кездеги президент Махмуд Ахмадинежаддын тушунда түзүлгөн. Анын кызматкерлери жарандардын, биринчи кезекте аялдардын жүрүм-турумун карап, хижаб кийүүсүн көзөмөлдөп турган.

13-сентябрда Тегерандын адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөн деген негизде 22 жаштагы студент Махса Аминини кармап кеткен. Үч күндөн кийин, 16-сентябрда абакта каза болуп калган. Полиция ал жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Бул окуядан кийин өлкөдө бийликке каршы жапырт нааразылыктар тутанып, күч кызматкерлеринин колунан 400дөн ашуун адам өлдү. (BTo)

XS
SM
MD
LG