Кытайды козгогон Үрүмчүдөгү каргаша
Кытайда COVID-19га байланыштуу катаал карантинге каршы акциялар уланууда. Анда саясий талаптар да жаңырып жатат. Айрым эксперттердин айтымында, бул тоталитаризмге каршы чыккан жаштардын Тянанмен козголоңунан кийинки ири нааразылык болуп калды. Нааразылык толкуну 24-ноябрда Шинжаңдын башкалаасы Үрүмчүдө 10 кишинин өмүрүн алган өрттөн кийин ого бетер күчөдү. Маалыматтарга караганда, карантинден улам катуу бекитилген ал турак-жайдан айрым тургундар сыртка чыга албай калган. Үрүмчүдөгү трагедия ошондой эле аймактагы уйгурлардын жана башка улуттук азчылыктардын абалын эске салды.
Чыгарылыштар
-
Март 06, 2025
Украинаны ким коргойт?
-
Февраль 25, 2025
Украинада дайынсыз жоголгон кыргызстандыктар
-
Февраль 13, 2025
Миңдеген мигрант Кремлдин "кара тизмесинен" кантип чыгат?
-
Февраль 06, 2025
Украина: Борборазиялык согуш туткундары
-
Январь 22, 2025
АКШ: Мигранттардын абалы туңгуюкта
-
Декабрь 20, 2024
2025-жылы Орусиядагы мигранттарды эмне күтөт?