Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:09

Азиза Абдирасулова ага тагылган айыпты саясий буюртма деп атады


Азиза Абдирасулова сот залында. 2022-жылдын 25-ноябры.
Азиза Абдирасулова сот залында. 2022-жылдын 25-ноябры.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова ага тагылып жаткан айыпты саясий буюртма деп атады. Бүгүн 25-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда сүйлөп жатып ал 14-ноябрда “ПолитКлиника” басылмасына маек курганын, анда өлкө жетекчилигин катуу сындаганын, ошол эле кечте Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов аңгемелешүүгө чакырып, митингге чыкпоону, камалып кетерин эскерткенин билдирди:

“Мага “Эже, Фейсбукка аябай көп, Кемпир-Абад жөнүндө көп жазып жатасыз. Мени жетекчим “Эже токтотсун, камалып кетет, камайбыз” деп айтып, атайын жөнөтүштү. Токтотуңуз. Эртең митинг болот экен, келбеңиз. Кармайбыз” деп ачык айтты. Бул саясий буюртма”.

Укук коргоочунун бул айткандары боюнча милиция органдарынан азырынча жооп же комментарий бере элек.

Бүгүнкү отурумда окуяга катышкан милиция кызматкерлери күбө катары сурак беришти. Алар окуя болгон учурда кызматтык милдетин мыйзам чегинде аткарганын, эреже бузбаганын айтышты.

Абдирасулова аны кармап кетүүгө милициянын укугу болбогонун, мыйзам бузбаганын билдирди жана далил катары сотко видеотасмаларды өткөрүп берди.

Сот отурумуна эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көз салууда.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратынын жанында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүшүнө каршылар топтолуп турган. Ал жерге укук коргоочу катары байкоо салуу үчүн барган Абдирасулованы милиция кызматкерлери күчтөп алып кетип жатышкан видео интернетте тараган.

Аны менен кошо кармалган активист Сапар Аргымбаев экөөнө Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси (“Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө”) менен протокол толтурулган.

14-ноябрда парламенттин президент катышкан жыйынында депутат Аида Исатбек кызы мамлекет башчы Садыр Жапаровго кайрылып, бийликке сын айткан аялдарга күч кызматкерлеринин мамилесине көңүл бурууну суранган. Эл өкүлүнүн өтүнүчүнө президент Жапаров “мыйзам баарына бирдей” деп жооп кайтарган. (RK)

XS
SM
MD
LG