Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева кыргыз-өзбек чек ара келишимине каршы добуш берген депутаттарга коркутуу, кысым башталганын айтып чыкты. Ал спикер Нурланбек Шакиевге кайрылып, парламент өкүлдөрүн коргой албай жатканын сынга алды.
"Кемпир-Абаддын берилишине каршы добуш берген депутаттарга корутуп-үркүтүү болуп жатат. Бизди коргой албасаңыз, анда биз сизди эмнеге шайладык? Баса, кечээ менин туулган күнүм болду, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич (Ташиев), белегиңизди эч качан унутпайм. Менин инимди "иш козгойм" деп коркуткан УКМКнын кызматкерлерин да унутпайм. Кечээ каршы добуш берген депутаттардын баары менен сүйлөшсөм, баарынын мамлекеттик кызматта иштеген туугандарын, жакындарынын жумуштан алып жатыптыр. Менин жакын туугандарымдын арасында мамлекеттик кызматта иштегендери жок, бирок алыскы туугандарымды иштен алып жатыптыр. УКМК ушуга чейин барсаңар, оокатыңарды, бизнесиңерди тартып алам десеңер, бул Бакиевдердин тушунда да болгон эмес. УКМК менин туугандарымдын бизнестерине келип, "ал кызды тыйынсыз калтырам, талаада калтырам" деп коркутуп жатыптыр. Баарыңар табакташ болуп отуруп алып, бизди бир-бирден атып эле салбайсыңарбы?",-деди Сурабалдиева.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жана анын төрагасы Камчыбек Ташиев Эльвира Сурабалдиеванын бул билдирүүсүнө азырынча жооп бере элек.
Жогорку Кеңеш 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди.
Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапкан.
Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Келишимге ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар – мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.
Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.