Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:25

ЖККУ: Армения саммит соңундагы декларацияга кол койгон жок


ЖККУнун Еревандагы саммити, 23-нобярь, 2022-жыл.
ЖККУнун Еревандагы саммити, 23-нобярь, 2022-жыл.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Еревандагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитин жыйынтыктаган декларацияга кол койгон жок. Бул тууралуу армян өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анын алдында Пашинян аталган уюмду Азербайжандын Арменияга каршы аракеттерине саясий баа берүүгө, бул маселеде өнөктөштүк көрсөтүүгө чакырган. Ал ошол эле маалда ЖККУдан аскердик жардам сурабай турганын белгилеген.

Беларус президенти Александр Лукашенко саммитте Армения кол коюлчу документтерге кошумча киргизүүнү сунуштаганын, бирок ал колдоо таппаганын айткан.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков саммиттин жыйынтыгы тууралуу комментарий берип жатып, Армениянын ЖККУдан чыгышы тууралуу сөз болбогонун билдирди. Бирок "лидерлер орток пикир таппаган учурлар" болгонун ырастап, муну "азыркы жагдайдын кыйынчылыктары" менен негиздеди.

Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Беларус жана Тажикстан мүчө болгон уюмдун катчылыгыЕревандагы саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздук көйгөйлөрү, кризистик кырдаалда чара көрүүнү жакшыртуу жолдору талкууланарын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG