Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

"Альянс" фракциясы Бишкек мэрин түз шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорун талкууга койду


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясы Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоого байланыштуу мыйзам долбоорун 23-ноябрда коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери, депутат Жанар Акаев маалымдады.

Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу "Биз "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", ошондой эле "Борбордун макамы тууралуу" мыйзамдарга өзгөртүү боюнча долбоорду сунуштап жатабыз. Биздин фракция борбор калаанын мэрин шаардыктар өздөрү шайлашы керек деп эсептейбиз. Мыйзам долбоор бүгүн коомдук талкууга коюлду. Биздин бул демилгебизди кесиптештерибиз жана президентибиз колдойт деп ишенебиз. Шаарды өнүктүрүү, көйгөйлөрүн чечүү боюнча планы бар, күчтүү атаандаштар шайлоого катышып, шаардын көйгөйүн чечүү жолдорун сунушташы керек. Шаардык кеңешке шайлоо болгондо шаардыктар мэрди дагы шайлашы керек деп эсептейбиз",-деп билдирди.

Азыркы мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэрин президент дайындайт.

Борбор калаанын учурдагы башчысы Эмилбек Абдыкадыров ушул жылдын февраль айында дайындалган. Анын тушунда айрыкча таштанды, коомдук транспортко байланыштуу сын-доомат күчөдү.

XS
SM
MD
LG