Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:43

УКМК Украина тууралуу видео тараткан жаранга байланыштуу маалымат берди


УКМКнын имараты.
УКМКнын имараты.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кыргызстандык К.у.А аттуу жарандын социалдык тармактарда тарап жаткан видеосу расмий Бишкектин Украина боюнча позициясына каршы келери тууралуу билдирүү таратты. Анда кыргыз бийлиги Орусия менен Украинанын ортосундагы окуяларда бейтарап экени белгиленген.

“Буга чейин социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда УКМКнын кызматкерлери бул өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган аккаунтту аныктап, анын ээси кыргызстандык К.у. А. экенин тастыктаган. Ыкчам маалымат боюнча, ал 2021-жылдын декабрь айында эмгек мигранты катары Украинага кеткен”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бул факт Кылмыш жаза кодексинин 256-беренеси (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) менен тергелип жатат.

Атайын кызмат кыргыз жарандары чет мамлекеттердеги согуштук аракеттерге катышкан учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 8-12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскертти.

Социалдык тармактарда аскер кийимчен кишилер орус армиясынын Украинага басып киргенин сындап, алар менен күрөшөрүн айтып жаткан видео тараган. Ал видеонун аягында кыргызча “Жашасын Туран” деген ураанды кыйкырганын угууга болот. (TSh)

XS
SM
MD
LG