Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Орусиялык блогерге Казакстанга кирүүгө тыюу салынды


Орусиялык блогер Александр Кириллов
Орусиялык блогер Александр Кириллов

Орусиянын Алекс Лесли деген лакап ат менен таанымал жараны, блогер Александр Кирилловго Казакстанга кирүүгө бир жылга тыюу салынды. Бул тууралуу 16-ноябрда Алматы шаардык полиция департаменти билдирди.

"Кабыл алынган чараларга ылайык, Орусиянын жараны А.Кирилловго бир жылга Казакстанга кирүүгө тыюу салынат", - деп жазылат полиция тараткан билдирүүдө. Анда себеби көрсөтүлгөн эмес. Анткен менен тартип коргоо мекемеси "Азаттыктын" казак кызматына ырастагандай, мындай чечимге блогердин казак кыздардын дарегине айтылган сөздөрүнөн кийинки "коомдо жаралган талкуу" түрткү болду.

Буга чейин Кириллов Алматыда "казак кыздарынын көңүлүн бурдурууну" үйрөткөн тренинг өткөрөрүн жарыялаган. Казак коомунда бул жарнама нааразылык жаратып, тренердин өлкөгө келишине каршы чыккан билдирүүлөр көбөйгөн.

Буга чейин Алматыда орусиялык ырчы Полина Гагаринанын концерти өтпөй калган. Буга социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразылыгы себеп болгон. Алар Украинадагы согушту колдогон ырчынын Казакстанга келишине каршы чыгышкан. Концерттин өтпөй калышынын себеби расмий айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG