Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясы "Азаттыктын” журналисттерин коркуткан опузаны териштирип, иликтөө иштерин баштай элек. Милиция "Азаттыктын" арызын кабыл алгандан кийин линвистикалык экспертиза дайындалганын кабарлаган. Бирок бир айдан кийин акциянын модераторунун чакырыктары тартылган DVD дискти ача албай жатканын билдирди. Мындан улам "Азаттык" дисктин дагы бир көчүрмөсүн берди.
Юристтер журналисттерге ачык коркутуу болгонун, мындан улам мыйзамга ылайык, дароо кылмыш иши козголуп, иликтеп-териштирүү башталышы керектигин белгилешет.
Милицияга түшкөн арыз
"Азаттык Медиа" мекемеси Ленин райондук милициясына 14-октябрда арыз жазган. Буга андан бир күн мурда Илимбек Исраилов аттуу жарандын кырктай киши менен "Азаттыктын" мекемесинин алдында митинг өткөргөнү, анда ачык коркутуу болгону негиз болгон.
Чогулгандар “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылышкан. Акцияда модератор болгон Исраилов үч медианы жабуу үчүн кол топтоп, кийинки келгенинде журналисттерге күч колдонуп, кеңсени өрттөп, таш менен терезелерин талкалай турганын айткан. "Азаттык" милицияга жазган арызында Исраиловдун ачык опузалап, коркуткан төмөнкү сөздөрүн да терип тиркеген.
“Биз "Азаттык", "Клооп" - ачык айталы, кийинкиде айтпай туруп өтө катуу кадамдарга барабыз. Бензин чачабыз. "Азаттыктын" операторлору, кечирип койгула го, биз силерге эскертип коёлу. Мен жаран Илимбек Исраилов бир митингдерде көрүп калган болсом, бир жериңерди сындырып эле коём, айтып коёюн. “Чет элдик агент" мыйзамы кабыл алынбаса, эгер Жогорку Кеңеш мына бул чыккынчыларга каршы иш-аракет кылбаса, эми муну көрөбүз, кийинкисин кол чогултуп туруп, "Ала-Тоо" аянтында жүз миңдеген эл чыгат. Биз муну үгүттөй алабыз. Буларды чакырып туруп, анан ошол жерден бул жерге келип туруп, мына бул жерге бензин чачып, кийинкисинде ошондой экстремисттик кадамдарга барабыз, айтып коёлу. Бул чыккынчы, жүзү жокторду жок кылабыз", - деген Исраилов.
"Азаттык" милицияга жазган арызында Исраилов мындан башка дагы бир топ чагымчыл билдирүү жасаганын, кыргыз бийлигинин өкүлүнүн жана башка жарандык активисттердин беделине доо кетирип, мазактаган сөздөрдү айтканын белгилеген. Чогулгандардын дээрлик баары беттерин жаап, камерадан жашынган. Митингге келгендер өтө агрессивдүү маанайда болгондуктан, “Азаттыктын” жетекчилиги милицияга кайрылууга аргасыз болгонун, журналисттердин коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаралып, кызматтык милдетин аткарууга тоскоолдук жаратканын билдирген.
"Кыргызстандын Конституциясы жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан маалымат алууга, аларды жайылтууга жана ой-пикирди эркин билдирүүгө кепилдик берет. Цензурага жол берилбей турганы мыйзамдарда так жазылган. Мындан улам "Азаттык Медиа" мекемеси бул акцияга чыккандардын кыймыл-аракетине жана алардын журналисттерди коркутуп, опузалаганына тийиштүү укуктук баа берүүнү талап кылат. Акциянын уюштуруучусу Илимбек Исраиловдун чагымчыл маанайдагы чакырык-билдирүүлөрү журналисттердин коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратат деп эсептейбиз. Анын жоопкерчилигин карап, мыйзам чегинде баа берип, тийиштүү чара көрүүңүздү өтүнөбүз",-деп жазылган арызда.
Түрдүү "себептер"...
Митингдеги опузага байланыштуу видеоматериалдар милицияга берилген. Ленин райондук милициясы алгач лингвистикалык экзпертиза дайындалганын билдирип, анын корутундусу болжол менен эки аптанын ичинде даяр болуп каларын маалымдаган.
Эки жумадан кийин байланышканыбызда экспертиза даяр эместигин кабарлап, аны эксперттердин колу бошобой жатканы менен негиздешкен.
"Ушул ишти алган эксперт аймакта башка долбоор менен сотко катышып жатыптыр. Өндүрүшкө алыныптыр. Качан даяр болору белгисиз. Өзү эксперттердин экспертиза өткөрүү үчүн бир ай убактысы бар. Көп учурда эки жуманын ичинде чыгат, ошондуктан орто эсеп менен алганда эки жума деп айтылган", - деп милициядан билдиришкен.
14-ноябрда Ленин райондук милициясы менен байланышканыбызда, "Азаттык" берген DVD дискти эксперттер ача албай коюшканын айтышкан. Бирок тергөөчүлөр бул жагдай тууралуу "Азаттыкка" расмий маалымат жана видеоматериалдарды кайра берүү тууралуу өтүнүч да жиберген эмес.
"Дискти кайра жаңыртып бере аласыңарбы? Силерге кайрылыш үчүн мага дагы экспертизадан "диск ачылбай койгону үчүн экспертиза жүргүзүү мүмкүн болгон жок" деген кагаз келиши керек. Ошонун негизинде мен силерге жооп беришим керек эле. Диск алып келип берсеңер экспертиза өткөрөбүз дешкен, ал эми силер расмий жооп бергиле деп жатпайсыңарбы", - деген милициянын тергөөчүсү Аманат Кадыркулов.
Белгилей кетүүчү жагдай, арыз жазылган бир айдан ашык убакыттан бери бул фактыны иликтеп-тергөө иштеринде милиция кызматкерлери бир дагы жолу өздөрү "Азаттык" менен байланышкан эмес. "Азаттык" диск ачылбай жатканы тууралуу сөздөрдөн кийин 16-ноябрда видео материалдардын көчүрмөсүн дагы бир жолу берди.
"Опузага экспертизанын эмне кереги бар?"
Адвокат Чынара Жакупбекованын айтымында, бул жерде экспертиза дайындоого байланыштуу мыйзамдын талаптары аткарылган эмес.
"Мыйзамга ылайык, экспертиза дайындалса анда силерди ошол токтом менен тааныштырып, кимге берип жатканын, кайда берип жатканын маалымдашы керек болчу. "Ушундай суроолорду эксперттерге коюп жатабыз, таанышкыла, силердин дагы суроолоруңар болсо кошкула" деп айтышы керек болчу. Ушундай жол-жобосу бар. Экинчиден, силерге эч кандай деле экспертизанын кереги жок. Анткени ал жакта ачык эле коркутуу болуп жатпайбы. Экспертиза деген жашыруун бир мотивдери бар деп эсептелген учурда гана дайындалат. Бул жерде "өрттөп кетебиз" деп ачык эле опузалап жатпайбы. Бул жерде опузалоо, бейбаштык болуп жатат. Бейбаштык деген беренеге экспертизанын эмне кереги бар?".
Ленин райондук милициясы экспертиза дайындалганы тууралуу токтом менен "Азаттыкты" 16-ноябрда гана тааныштырды. Анда экспертиза 18-октябрда дайындалганы көрсөтүлгөн жана материалдар Юстиция министрлигинин Соттук-экспертизалык башкармалыгына жөнөтүлгөн.
"Азаттык" аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Жийдегүл Семенова менен байланышты. Ал милициядан "Азаттыкка" айтылган опузага байланыштуу материалдар келе электигин билдирди. Семенованын ырасташынча, буга чейин милиция лингвистикалык экспертиза өткөрүү тууралуу өтүнүч менен телефондон оозеки гана кайрылган жана ал ага макул болгон эмес.
"Телефондон эле кайрылышты. Келгиле, методиканы көргөзүп, факты менен айтып берейин дегем. Эгер арыз жазсаңар, бул карала турган иш. Карала турган ишти алдын ала ачыктай албайбыз", - деди Семенова.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөгөн. Кыргыз бийлик өкүлдөрү буга байланыштуу үн ката элек.
Экспертизаны ээрчиген сот чечимдери
Ал арада айрым байкоочулар айрыкча бийликти сындаган билдирүүлөрү менен белгилүү блогерлер, жарандык активисттерге байланыштуу лингвистикалык экспертизалар чукул дайындалып, жыйынтыгы да тез чыгарын белгилешет.
Маселен, социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбекке лингвистикалык экспертизанын негизинде айып коюлган. Биринчи май райондук соту Балтабайды 278-берененин ("Жапырт башаламандык") негизинде күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, активист сот залынан бошотулган.
Анын алдындагы жараянда мамлекеттик айыптоочу лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, активисттин билдирүүлөрүндө "мыйзамдын талаптарына баш ийбөөгө чакыруу, калайман нааразылык акцияларына чыгууга үндөөнүн белгилери бар" экенин айткан. Балтабай жана анын адвокаты социалдык тармактарда чакырык жасаганы тууралуу дооматтарды четке кагууда.
Соттук-экспертизалык башкармалыгынынын жетекчисинин орун басары Жийдегүл Семенова лингвистикалык экспертизанын корутундусу сот чечимдерине негиз болуп жатканы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирген:
"Биз тилдик бирдикте ушундай белгилер барбы же жокпу дегенди гана аныктап беребиз. Бизди көбү түшүнбөй, такыр эле юридикалык баа берүүгө барабар кылып жатышат. Юридикалык бааны сот жараянында укук коргоо органдары берет. Биз болсо лингвистикалык белгилерди гана аныктап беребиз. Биздин корутундуну юристтер кандай бааласа, ал ошолордун иши да. Бизге "силердин айыңардан соттоп жатабыз" деп ошого басым жасашат. Ал биздин айыбыздан эмес, биз деген тилден такыр кача албайбыз. Турса турат деп, жок болсо жок деп эле жазып беребиз. Ошого юридикалык туура баа берилиши керек".
Ушул айдын башында Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Семетей Талас уулунун бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарган.
Журналист өзү былтыр Фейсбук баракчасынан Ооганстан тууралуу материалды байкабай бөлүшүп койгону үчүн күнөөлөп жатышканын билдирген.
ИИМ журналистке буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгонун жана бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталганын билдирген. Милиция комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза "Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган материалды бөлүшкөн" деген корутунду чыгарганын айткан.
Соңку күндөрү "Азаттык Медиа" мекемесине басым-кысым көбөйдү. 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн обого чыгарбай калды.
Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырган.