Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:15

Алматыда дагы бир активист 15 күнгө камалды


Асет Абишев. Алматы, 15-ноябрь, 2022-жыл
Асет Абишев. Алматы, 15-ноябрь, 2022-жыл

Шейшембинин кечинде Алматы соту жарандык активист, расмий катталбаган "Алга, Казакстан!" оппозициялык партиясынын уюштуруу комитетинин мүчөсү Асет Абишевди 15 күнгө камакка алуу чечимин чыгарды.

"Азаттыктын" казак кызматынын маалыматына караганда, активистти ошол эле күнү үйүнүн жанынан кармап кетишкен.

Соттун чечиминде 16-августта Абишев Фейсбукка "уруксат берилбеген митингге чыгууга чакырык таштаган" видео жарыялаганы айтылат. Онлайн өткөн сот отурумунда активист дооматтарды четке какты. Социалдык тармактардагы видеолордон аны үйүнүн жанында аңдып жүрүшкөнүн байкоого болот. Абишев муну саясий куугунтуктун уланышы, партиянын катталышына жол бербөө аракети деп атады.

20-ноябрга пландалган митингди утурлай оппозиция кармоолор болуп жатканын айтууда. Ал күнү кошуна өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтмөкчү. Ички иштер министрлиги митингдердин алдында активисттерди камап жатышат деген маалыматты четке какты.

Өткөн аптада Астанада "Алга, Казакстан!" партиясынын кеминде беш мүчөсү 15 күнгө камалган.

XS
SM
MD
LG