Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 15-ноябрда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун карайт. Маселе күн тартибине киргизилгенин комитет төрагасы Улан Примов депутаттарга билдирди.
Депутат Адахан Мадумаров эгер жыйын жабык өтсө отурумга катышпай турганын айтты.
"Өзбекстандын парламенти муну ат тезегин кургатпай карап, ратификация кылышты. Анткени аларга бул аба менен суудай керек. Кечээ ачык эле карап, эки сааттык жыйыны толугу менен Ютубг коюлду. Бизде дагы жабык өтсүн деген сунуштар түшүп кетчү болсо, анда жыйынга катышып, убакытты текке кетирүүнүн кереги жок".
"Ыйман нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу маселе комитеттин бүгүнкү отурумунун күн тартибинде жоктугун колундагы программага таянып билдирди. Төрага чек ара маселеси отурумдун күн тартибине өткөн жума күнү эле киргизилгенин белгиледи.
Аталган комитет Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган. 15-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун карайт деп күтүлүүдө.
Жогорку Кеңештин тармактык комитети ишин баштаган учурда Ак үйдүн алдында активисттер Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы акцияга чыгышты. Милиция укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен активист Сапар Аргымбаевди кармап кетти.
14-ноябрда Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү. Эми мыйзам долбоору Сенатка жөнөтүлөт.
Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.
Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.
Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.(ZKo)