Самарканддагы саммитте президент Садыр Жапаров түрк тилдүү өлкөлөрдүн транспорт байланышын күчөтүүнү сунуштаса, өзбек лидери Шавкат Мирзиёев эркин экономикалык аймак түзүү зарылдыгын белгиледи. Маркум жазуучу Чыңгыз Айтматовго сыйлык ыйгарылды. Бүгүн жыйынтыкталган саммитке жети өлкөнүн лидери катышты. Үч күндөн бери Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын бөгөт чарасы каралып жатат. Айыпкерлер алардын күнөөсүн далилдеген бир дагы документ, далил көрө электигин айтып жатышат. Ал эми прокурорлор далилдер жетиштүү экенин айтып, 20дан ашуун саясатчы, укук коргоочу, активистти темир тор артында калтырууну өтүндү. Украин армиясы өлкө түштүгүндө 40тан ашуун конушту бошотту. Орус бийлиги Херсондон өз армиясын чыгарып кеткенин жарыялады. 300 миңдей эл жашаган жер "өлүк шаарга" айланып калганы айтылды.
Украин армиясы Херсонго кирди
Чыгарылыштар
-
Апрель 21, 2025
Дин мыйзамы: Жүзүн толук жапкандар айыпка жыгылат
-
Апрель 18, 2025
Вашингтон Москва менен Киевге эскертүү берди
-
Апрель 17, 2025
Экс-президенттердин эртеңи эмне болот?
-
Апрель 16, 2025
Лавровдун казак президентине "кечиккен" жообу
-
Апрель 15, 2025
Соттун Бакиев тууралуу чечими талкуу жаратты
-
Апрель 15, 2025
Украина: Сумыда үч күндүк аза күтүү жарыяланды