Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Амангелдиев: Түрк инвестициялык фондунун кеңсеси боюнча чечим кабыл алына элек


Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

Жаңы түзүлө турган Түрк инвестициялык фондунун штаб-квартирасы кайсы өлкөдө жайгаша турганы боюнча чечим кабыл алына элек. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Данияр Амангелдиев Өзбекстандын Самарканд шаарындагы самиттин алкагында "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Мунун алдында Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, инвестиция жана тышкы соода министри Жамшид Хожаев Түрк мамлекеттер уюмунун Инвестициялык фонду түзүлөрүн уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономика министрлеринин жолугушуусунда билдирген. Ал фонд түзүү боюнча макулдашууга кол коюла турганын айткан.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 31-октябрдагы жыйынында Түрк инвестициялык фондун түзүү жѳнүндѳ макулдашуунун долбоору талкууланып, эл өкүлдөрү бир добуштан жактырган. Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова фонддун уставдык капиталы 500 млн. долларды түзөрүн, Кыргызстандын андагы үлүшү 70 миң доллар болорун, үч жылдын ичинде республикалык бюджеттин каражатынан төлөнөрүн айткан.

Талкуу учурунда депутаттар уюмдун Азербайжанда, Казакстанда жана Түркияда кеңселери бар экенин айтышып, фонддун штаб кеңсесин Кыргызстанга ачуу зарылдыгын белгилешкен.

Ушул күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйыны өтүп жатат. 10-11-ноябрда болчу жыйынга Кыргызстандын президенти Садыр ЖАпаров дагы катышууда. (КЕ/BkA)

XS
SM
MD
LG