Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:07

Рита Карасартованын кармалышынын мыйзамдуулугу каралууда


Рита Карасартова Бишкек шаардык сотунда. 10-ноябрь, 2022-жыл.
Рита Карасартова Бишкек шаардык сотунда. 10-ноябрь, 2022-жыл.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда "башаламандык уюштурууга"шек саналып жаткан жарандык активист Рита Карасартованын кармалышынын мыйзамдуулугун карай баштады.

Бишкек шаардык сотунда бүгүн ушундай эле шек менен кармалган саясатчылар Асия Сасыкбаева, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, активисттер Клара Сооронкулова, Эрлан Бекчоро, Акыл Айтбаев, Улукбек Маматаев жана Марат Баязовдун да бөгөт чарасы каралат.

Бишкек шаардык соту 10-ноябрда саясатчы Канат Исаевдин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды да карай турганы кабарланды.

Шаардык сот Сасыкбаева менен Сооронкулованын кармалышын 9-ноябрда карап, мыйзамдуу деп тапкан.

Бул күнү Гүлнара Журабаева, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Кеңешбек Дүйшөбаев, Перизат Суранова, Айбек Бузурманкулов жана Таалай Мадеминовдун бөгөт чарасы каралып, аларды эки айга камоо тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечими өзгөртүүсүз калтырылган.

23-октябрда "массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кармалгандар өздөрүнө коюлган айыпка макул эместигин айтып келет.

Ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев жана саясатчы Азимбек Бекназаров шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. Ал эми Чыңгыз Капаров, Орозайым Нарматова жана Илгиз Шаменовдун соттук иштери качан өтөрү тууралуу маалымат ачыктала элек.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

Укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбесин айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалап жатат. Бир катар эл аралык уюмдар кырдаалга тынчсыздануусун билдирген. (ZKo/TSh)

XS
SM
MD
LG