Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:12

Кыргызстандык тикмечилер Москвада эл аралык көргөзмөгө катышты


Иш-чаранын катышуучулары.
Иш-чаранын катышуучулары.

Кыргызстандын алты тигүү ишканасы Орусиянын борбору Москвада өткөн эл аралык көргөзмөгө катышып кайтышты. Бул тууралуу 3-октябрда “Азаттык” радиосуна Эл аралык ITC соода борборунун Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программасынан (GTEX) билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 27-30-сентябрь күндөрү Москвада “CJF–Балдар модасы–2022. Күз” көргөзмөсү өттү. Бул иш-чара быйыл 28-жолу уюштурулду. Ага Кыргызстандан 1-12 жаш курактагы балдар-кыздар жана 1-11-класстагы мектеп окуучулары үчүн кийим-кече тиккен Selina Style, Evelen, Irish.ko, Terrateen, "Модники" жана "Светланка Мода" компаниялары катышты.

Алар балдар үчүн өндүрүлүүчү товарлар индустриясында иштеген башка компаниялар менен кызматташтык байланыштарын түзүп, жаңы кардарларды таап, жаңы технологияларды өздөштүрүү жана тажрыйба алмашуу багытында өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алышты.

Көргөзмөгө барган ишканалардын көбү бул көргөзмөгө дайыма катышып келишет.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда кездеме жана тигүү тармагы өнөр жай өндүрүшүнүн 7,1 % түзөт. Тигүү фабрикаларынын жана цехтеринин көбү Ош, Бишкек, Каракол, Талас шаарларында жайгашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG