Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Орозайым Нарматова эки айга камалганы кабарланды


Орозайым Нарматова.
Орозайым Нарматова.

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту жарандык активист, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын карап, эки айга камоо чечимин чыгарганы кабарланды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Улан Канат уулу билдирди. Анын айтымында, Нарматова Бишкектеги №1 Тергөө абагында кармалат.

Райондук сот экс-депутаттын бөгөт чарасынын каралганы тууралуу маалымат бере элек.

27-октябрда Орозайым Нарматованы Москвада полиция кармап кеткени кабарланган. Кийин анын жакындары экс-депутатты 26-октябрдын түнү үйүнөн кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Нарматова Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш кодексинин 36-278-беренесинин ("Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") негизинде козгогон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.

Орусияда кармалган жарандык активист Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменов Москвадан Бишкекке 28-октябрда жеткирилген.

Шаменовдун бөгөт чарасынын каралышы боюнча расмий маалымат бериле элек.

23-октябрда Ички иштер министрлиги "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык" деген негизде бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйлөрүн тинткен. Кийин соттун чечими менен жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы жана активисттер эки айга камалды.

Президент Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине чекитти сот кое турганын айткан.

Башаламандык уюштурууга айыпталгандар тагылган кинени толук четке кагып, мыйзамсыз кармалганын айтышууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG