30-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде катуу жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 6…11;
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…3, күндүз 9…14;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Батыштан жел согуп турат.
Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6, күндүзгү жогорку температурасы 7…9 градуска жетет.