Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Рамзан Кадыров Украинада 23 жоокери өлгөнүн моюнуна алды


Орусияга караштуу Чеченстан жумуриятынын лидери Рамзан Кадыров.
Орусияга караштуу Чеченстан жумуриятынын лидери Рамзан Кадыров.

Чеченстан жумуриятынын лидери Рамзан Кадыров Украинанын Херсон облусунда 23 аскери набыт болгонун билдирип, маркумдардын жакындарын Меккеге ажылыкка жиберүүгө убада берди.

Кадыровдун айтымында, жума башында болгон окуяда 60тай жоокери жараат алган. Ошондой эле "чечендер жихадга катышып жатканын, ыйык согушта жан берүү чыныгы мусулман үчүн чоң сыймык" экенин да кошумчалады. Чечен лидери буга чейин Борбордук аскердик аймактын кол башчысы, генерал-полковник Александр Лапинди сынга алган.

"Кадыровчулардын" жапырт өлүмү тууралуу маалымат алгач 25-октябрда чыккан. Анда Херсон облустук бийлиги украин күчтөрүнүн чабуулунан 40тай чечен аскери мерт болуп, 200дөйү жарадар болгонун билдирген. Ал эми 1ADAT Телеграм-каналы жүздөн ашуун чечен аскери мүрт кеткенин жазган. Кадыров бул маалымат тууралуу үн ката элек болчу.

XS
SM
MD
LG