Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

АКШнын Мамдепартаменти Иран бийлигин журналисттин сөөгүн кайтарып берүүгө чакырды


Реза Хагигатнеджад
Реза Хагигатнеджад

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Иран кызматынын кабарчысы Реза Хагигатнеджад сөөгү Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) тарабынан уурдалышын Мамдепартамент "жийиркеничтүү" деп атады.

Иран бийлигин Резанын сөөгүн тез арада анын үй-бүлөсүнө өткөрүп берүүгө чакырды.

"Резанын сөөгүн Иранга, кичи мекени Ширазда көмүү үчүн жеткирилген учурда IRGC уурдап кеткени тууралуу маалыматты жийиркенүү менен кабылдадык. Хагигатнеджаддын сөөгүн алып кетүү - Иран бийлиги өзүнүн кылмыштарын ашкерелеген журналисттерден өлгөндөн кийин да коркуп жатканын көрсөтөт", - деп жазылган Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы 27-октябрда тараткан билдирүүдө.

45 жаштагы саясий баяндамачы Реза Хагигатнеджад "Фарда" радиосунун кабарчысы болуп 2019-жылдан бери иштеп келе жаткан. Ал 17-октябрда Берлиндеги "Шарите" ооруканасында өсмө оорусунан (рак) каза болгон.
Маркумдун жакындары Резанын сөөгүн өзү туулуп-өскөн Шираз шаарында жерге берүү үчүн Иран бийлигинен тиешелүү уруксат алганын айтышууда.

Сөөк Иранга 25-октябрда жеткирилгенден кийин IRGC агенттери аны белгисиз жакка алып кеткен. 27-октябрда Бейгумжан Раиси Хагигатнеджаддын апасы видео билдирүү жасап, анда Ирандын коопсуздук агенттери уулунун сөөгүн уурдап кеткенин айткан.

Бийлик азырынча буга эч кандай комментарий бере элек.

22 жаштагы Махса Амини адеп-ахлак полициясы кармап кеткенден кийин өлгөнү - Иранда массалык нааразылык акцияларынын келип чыгышын шарттады. Дээрлик бир айга созулган толкундоолор учурунда бийлик күч колдонуп, 200дөн ашуун адам өлдү.

XS
SM
MD
LG