Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

МАГАТЭнин инспекторлору Украинада "ыплас бомба" боюнча далилдерди издешет


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

БУУнун өзөктүк агенттиги ушул аптада Украинада ыплас бомба жасалганы тууралуу Орусиянын айыптоолору боюнча "көз карандысыз текшерүү" жүргүзөрүн билдирди.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гросси 27-октябрда билдиргендей, МАГАТЭнин инспекторлору өз ишин Украинанын эки жеринде жүргүзөт. Анын айтуусунда текшерүү Украинанын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан кийин жүрүп жатат.

Гроссинин айтымында, инспекторлор коопсуздук чаралары каралган өзөктүк материалдын өнүктүрүлүшүн жана эки жерде өзөктүк материалды декларацияланбаган өндүрүш же кайра иштетүү болгон болбогонун аныкташат.

МАГАТЭ сайттардын атын ачык айткан жок, бирок алардын бирин бир ай мурда текшерип, ал жерден эч кандай белгисиз өзөктүк иш-аракеттер же материалдар табылбаганын билдирди.

Орусия Украина өз аймагында "ыплас бомба" колдонууга даярданып жатат деген дооматын аны иштеп чыгуунун акыркы стадиясында деп ырастоодо.

Киев жана анын батыш өнөктөштөрү бул айыпты чечкиндүү түрдө четке кагып, Орусия "ыплас бомба" деген дооматты көтөрүү менен өзү ал бомбаны колдонуп, аны Украинага жүктөөнү максат кылышы мүмкүн деп ырасташты.

XS
SM
MD
LG