Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Словениядагы президенттик шайлоодо эки талапкер экинчи турга чыкты


Анже Логар жана Наташа Пирк Мусар
Анже Логар жана Наташа Пирк Мусар

Словенияда жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары жарыяланды. Ага ылайык, жарышта эч бир талапкер утуп чыкпаганы белгилүү болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалгандай, мурдагы тышкы иштер министри, консерватор Анже Логар 34%, көз карандысыз юрист Наташа Пирк Мусар 27% добуштарга ээ болду. Алар экөө шайлоонун экинчи турунда таймашат.

Европа Биримдигинин жана НАТОнун мүчөсү болуп саналган Словениядагы президенттик шайлоо анын либералдык өкмөтү үчүн сыноо болуп калды. Өлкө бийлиги Орусиянын Украинага кол салуусунан соң жаралган экономикалык кесепеттер менен алышып келет.

Словения президенттик кызмат формалдуу гана мүнөзгө ээ болгону менен куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болуп саналат. Ошондой эле бир катар жогорку аткаминерлерди кызматка дайындайт.

Президенттик шайлоонун экинчи туру 13-ноябрга белгиленди. Андан утуп чыккан киши азыркы президент Борут Пахордун ордуна келет. Мурда фотомодел болгон Пахор эки мөөнөт иштеди жана учурда коомчулукта "инстаграм-президент" атка конгон. Бул анын аталган социалдык түйүндү көп колдонгону менен байланыштуу. (ErN)

XS
SM
MD
LG