Ош шаарындагы Керме-Тоо айылында үч жаштагы кыз каналга түшүп кетип, каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, 23-октябрда саат 20:21де милицияга маалымат түшкөн.
Кызды издөөгө Ички иштер министрлигинин беш кызматкер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт куткаруучусу жана 25 жергиликтүү тургун тартылып, наристенин сөөгү суудан табылган.
Учурда кыздын өлүмүнүн себептери такталууда.
Ош шаардык милициясы 1-июлда Ош-Араван каналынан 27 жаштагы жарандын сөөгү табылганын билдирген. Андан бир күн мурда, 30-июнда Ош мамлекеттик университетте 2-курстагы студент кыздын сөөгү табылган. (ZKo)
Дагы караңыз