Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Пулитцер сыйлыгын алган фотожурналист Индиядан чыгарылбады


Индиянын бийлиги кашмирлик журналист Санна Иршад Маттуга журналистикадагы абройлуу Пулитцер сыйлыгын тапшыруу аземине катышуу үчүн АКШга барууга уруксат берген жок. Буга АКШ тынчсыздануусун билдирип, "жагдайга кылдат байкоо салып" жатканын маалымдады.

Матту Индиядагы COVID-19 эпидемиясынын курмандыктары тууралуу сүрөт баяны үчүн кесиптештери менен бирге алган Пулитцер сыйлыгынын аземине катышмак. Ал 18-октябрда Индиянын иммиграция органдары анын визасы жана билети жарактуу болгонуна карабай Нью-Дели аэропортунан АКШга учуусуна уруксат бербегенин Твиттерге жазды. Тыюу салуунун чоо-жайы белгисиз.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бул маселеде дипломатиялык кадамдар тууралуу азырынча эч нерсе белгисиз экенин белгиледи. Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин ишенимдүү адамы деп эсептелген Адам Шифф: "Демократиялык баалуулуктарга, анын ичинде басма сөздүн көз карандысыздыгын урматтоо АКШ-Индия мамилелеринин негизи болуп саналат", - деди.

Быйыл июлда да Маттуга Serendipity Arles Grant 2020 иш-чарасына катышуу үчүн Парижге барууга эч кандай түшүндүрмөсүз уруксат берилген эмес.

2018-жылдан бери Матту Кашмирдин Индия бөлүгүндө фотожурналист болуп иштейт. Аймактагы сепаратисттик кыймылды Нью-Дели аны терроризм үчүн айыптап келет. Кашмирлик башка журналисттер да өкмөттүн түрдүү басым-кысымына дуушар болуп келерин айтышат.

XS
SM
MD
LG