Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:52

Ейск шаарында учактын кулашынан курман болгондор 13 кишиге жетти


Су-34 аскердик учагы кулаган жердеги өрттөнүп жаткан үй. Ейск шаары, Краснодар. 17-октябрь, 2022-жыл.
Су-34 аскердик учагы кулаган жердеги өрттөнүп жаткан үй. Ейск шаары, Краснодар. 17-октябрь, 2022-жыл.

Орусиянын Краснодар крайындагы Ейск шаарында турак жайга аскердик учак кулаганда каза болгондордун саны 13кө жетти. Набыт кеткендердин арасында үч бала бар экенин, дагы 19 адам жараат алганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Каза тапкандардын 10унун сөөгү урандыларды тазалоо учурунда табылган. 68 адам куткарылып, 360 киши эвакуацияланды. Ейск ооруканасына 11 адам жаткырылган. Дагы төрт киши, анын ичинде эки бала дем алдыруучу жабдууга туташтырылып, Краснодардагы ооруканага жеткирилди.

Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев учакта ок-дары болгон эместигин айтты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Куренков учак кулагандан кийин жарылуу болбогонун, өрт күйүүчү майдын төгүлгөнүнөн улам чыкканын билдирди.

Социалдык тармактардын колдонуучулары учак кыйраганда жарылуунун үнү чыкканын, мындан улам "Тез жардам" автоунаалары кырсык болгон жерге жакын бара албай жатканын жазышкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги 17-октябрда аскердик Су-34 учагы машыгуу учурунда кулап, кыйраганын ырастаган. Парашют менен секирип кетүүгө үлгүргөн учкучтар учактын бир кыймылдаткычы күйүп кеткендиктен, кыйроо болгонун айтышты.

Орусиянын президенти Владимир Путин авиакырсыктан жабыркагандарга бардык керектүү жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.

Бийлик кырсыктан каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлөрүн маалымдады. Губернатор каза болгондордун жакындарына бир миллион рублдан төлөнөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG