Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Баткен: атайын эсептен 62,6 млн. сом коротулду


Чек арадагы куралдуу жаңжалда өрттөлүп, талкаланган үй. Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.
Чек арадагы куралдуу жаңжалда өрттөлүп, талкаланган үй. Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун тургундарын колдоо максатында атайын эсепке чогулган акчадан 62 млн. 650 миң сом коротулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдады. Бул үй-жайы жабыркагандарга бир жолу берилүүчү акчалай жардамдын суммасы. Маалыматка ылайык, мындай жардам 264 адамга берилди.

Мекеме куралдуу жаңжалда үй-жайынан ажырагандарга убактылуу батир ижарасы үчүн 200 миң сомдон берилерин мурдараак билдирген.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандарды колдоо үчүн ачылган атайын эсепке жалпы 327 млн. 432,1 миң сом топтолгон. Учурда эсепте дагы 269 млн. 680,3 миң сом бар. Бул эсеп элдин демилгеси менен ачылып, ага мекеме-ишканалардын кызматкерлери, чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы жарандар акча которгон.

Баткендеги соңку каргашада 661 үй жабыркаган, анын 423ү жашоого жараксыз, 238и оңдоп-түздөөгө муктаж экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган. 11 административдик, стратегиялык, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, унаа өтүүчү бир көпүрө жабыркаган.

136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болгон. Учурда алардын 4 миңге жакын үйүнө кайтып бара элек.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү Бишкекке ушундай айып койгон.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 81 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG