Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:25
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

14:51 15.10.2022

Курултайдын катышуучусу: УКМК бүгүн элди аңдыган орган болуп калды. Жерди билбей берип алыпмын дегендей бул киши айыл өкмөт башчысы эмес да. Андай болгон соң чек ара маселесин чечүүгө, протоколго кол коюуга моралдык укугу жок.

14:40 15.10.2022

Курултайдын катышуучусу: Референдум дегенге ишенбей турам. Добуш берүүнү жасап койсо болот. Камчыбек Ташиев билбей 100 гектарды берип коюпмун деп жатат. Ушул кишиге биз чек араны чечтирелиби?

14:24 15.10.2022

Элбек Хабибуллаев: Лейлек, Өзгөн, Ала-Буканын эли баарыбыз чек арасында бир туруп, бардык протоколду ачыкка чыгарышын талап кылалы. Референдум бул аябагандай опурталдуу, азыр компьютер менен баарын жасап койсо болот.

2021-жылы Тажикстан агрессия жасады. Тилекке каршы биздин бийлик ага реакция кылбай, сабак албай быйыл андан да көп өлүмгө учурады. Элди эвакуация кылган жок, эл ок атышуу башталганда өзүн өзү куткарды. Чек ара маселесинде кадрдык саясатын карашабыз керек. Кете тургандар кетсин. 39-42-протоколдор ишке кире турган болсо, Тажикстан Лейлекти беш жылда басып алат. Алар муну БУУда ачык билдирди. Баткенде айылдык кеңештин депутаттары бул протоколдорго, Кемпир-Абад маселесине бир жылдык мораторий жарыяласын деп жатабыз. Эгемендик алгандан тарта чек ара боюнча түзүлгөн протоколдорду ревизия кылуу керек. Элдик жана депутаттык комиссия түзүлсүн.

Былтыр элден 132 млн. сомдон ашык акча чогулган элден, анын кайда кеткени белгисиз. Баткен облусун өнүктүрүү үчүн элдик комиссия түзүшү абзел.

14:15 15.10.2022

Бектур Асанов: Мен Сооронбай Жээнбековду аягына чейин отурса деп тилегем. Азыр экөө аягына чейин отурсун деп турам. Куушуп жүрө берген жакшы эмес, экономикага таасир этет мунун баары. Кеңешип, кесип Мирзиёев менен сүйлөшөлү. Ал киши менен да сүйлөшөлү. Эки дос укпаса өздөрүнө жаман. Буга чейин үч бийлик эмне болгонун билебиз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG