Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:43
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

14:09 15.10.2022

Рита Карасартова: Кемпир-Абад эч кандай талаштуу жер эмес. Эмне үчүн БУУнун чек ара чечүү тажрыйбасын колдонбошубуз керек? Алар кечээ Баткенде Тажикстан менен чыр болгондо өздөрү жардамын сунуштады. Биз маселени чечүүгө шашпашыбыз керек.

13:59 15.10.2022

Тилекмат Куренов: Бардык маселеге өзүбүз күнөөлүүбүз. Бир үндүктүн баасына сатылдык шайлоодо. Эки досту каалаганын кылууга жол бердик. Эки дос качанга чейин тайраңдайт? Баткенде эки жолу кол салуу болду. Канга, энелердин көз жашына качан тоебуз? Мурда эмне маселе көтөрүп келбейт деп жатышат. Биз келе турган болсок алар эмне отурат?

13:54 15.10.2022

Атай Бейшенбек: Кыргызстанга 100% таандык жерди алмашууга Ташиевге ким укук берди эле? Жашырып, калп маалымат таратуу менен маселе чечебиз дегендер жаңылышат. Бардык чек ара маселеси боюнча протоколдор ачыкка чыгышы керек. Кыргыз эли баарын ачык билиши абзел. Эгер Жогорку Кеңеш жашыруун бере турган болсо кийинки жыйын Бишкекте болушу керек.

13:45 15.10.2022

Жеңиш Молдакматов: Кыргыз эки адамдын айтканы менен жашап калдык беле? Килейген жерди алты депутаттын айтканы менен берип коебузбу? Бул шылдың, мазактоо. Кыргыз эч качан тилин жулдуруп, колун сындырып жашаган эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG