Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтө турган бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“Сапардын алкагында 13-октябрда мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине, 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат", - деп айтылат маалыматта.
Ошол эле күнү Жапаров “Борбор Азия – Орусия” форматындагы 1-саммитке катышат.
Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.
7-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммитине Садыр Жапаров катышкан жок. Орусиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине Жапаровдун куттуктоосун жеткирүү үчүн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлөрү кабарланган.
7-октярбда Садыр Жапаров Путин менен телефондон сүйлөшүп, аны 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты талкуулашкан.(КЕ)