Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берди. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.
"Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла, жалпы эл көрсүн, билсин" деп буйрук бердим. Бир Өзгөн менен эле мамлекеттин жана көпчүлүк элдин тагдырын байлап койбошубуз керек. Райондун деңгээлинен жогору бололу. Биз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен чектешкен 1400 километр чек араны толук чечип, Өзбекстан менен чек ара маселесине түбөлүк чекит коюп жатабыз. Эгер эми мыйзамдашып бүткөнгө чейин бир тарап айнып кетип кайра мурдагы абалга келип калса, кечээки "тегерек үстөл" уюштуруп, элдин башын айландырып жаткандар көпчүлүк элдин каргышына калышат. Катуу жооп беришет. Жоопко тартабыз”, - деди Жапаров.
Президент Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кетет дегендерди “Жөн эле "ал жер биздики болчу, бул жер биздики болчу" деп жалган маалымат берип элдин башын айлантпаш керек” деп сынга алды.
“Буларды Кемпир-Абад кызыктырбайт. Саясат кылып атышат. Эптеп эле бизди элге жаман көрсөтүп, ызы-чуу салып бийликке келиш - алардын максаты. Арам ойлору ишке ашпайт”, - деп кошумчалады ал.
2021-жылдын мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өтүп, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышып келгенден кийин Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ошондон кийин Өзгөндө бир катар нааразылык акциялары өткөн. Көп өтпөй Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын айткан.
Андан кийинки сүйлөшүүлөр тууралуу ачык маалымат дээрлик жок болгондуктан нааразылык акциялары уланган. Быйыл 4-октябрда Өзгөндө президенттин эл менен өткөн жабык жолугушуусуна катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров “Өттү, кетти. Ошондой болуп 4000 гектардан ашыгыраак жер кетти. Биз компенсация алганбыз дейт. Ал компенсациясын 1965-жылы алганбыз дейт. Мындай жыйын ачык-айкын өткөндө жакшы болмок” деген пикирин билдирген.
Жолугушууга барган жергиликтүү активист Жумалидин Сопуев “Бул талаш жер эмес. Ушул күнгө чейин талашкан эмес. Эмне үчүн Садыр Жапаровдун тушунда келип, маселе козголуп, көйгөйгө айланып жатат? Кемпир-Абад плотинасынын 60% Өзбекстанда, 40% Кыргызстанда турат. Ошо бойдон тура берсин. Биздин суубузду пайдаланып жатабы Өзбекстан, пайдалана берсин” деген. (RK)