Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:08

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган долбоордун максаты - мыйзамды Конституцияга ылайык келтирүү жана текстине айрым тактоочу ченемдерди киргизүү экени айтылды. Анын автору – депутат Бактыбек Чойбеков.

Мыйзамда мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилди өз ишмердүүлүгүн аткаруу үчүн зарыл деңгээлде билиши зарыл экени жазылды.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили - мамлекеттик, ал эми орус тили - расмий деген макамга ээ. Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине көңүл жакшы бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлөрүн, жыйындар орусча болорун сындап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG