Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

"Орус элинин башына чоң сыноо түштү, качкындарга кайрымдуу бололу"


Казакстан менен Орусиянын чек арасы. Орусияда жарым-жартылай мобилизация башталгандан бери орус жарандарынын сыртка чыгып кеткендери көбөйдү. 
Казакстан менен Орусиянын чек арасы. Орусияда жарым-жартылай мобилизация башталгандан бери орус жарандарынын сыртка чыгып кеткендери көбөйдү. 
Аким Кожоев
Аким Кожоев

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

"Баардыгы баарыбызга тиешелүү",-деген Чыңгыз Айтматов.

Кудайдын кудуретине таң калбай коё албайт экенсиң. Кечээ эле биз кыйын элбиз, биз дүйнөдөгү эң күчтүү улутпуз, биз эч кимге зарыкпайбыз, эч качан эч кимге күнүбүз түшпөйт деген орустардын башына да каран күн түшүп турат. Көрсө, Жараткан эртеби-кечпи баары бир баарын өз-өз ордуна коёт экен. Жалаң кара күчкө таянып, өкүмзордук саясатты адатка айланткан, өзүн "жердин кудайымын" деп эсептеп калган өкүмдардын кесепет-кесири өзүнө гана эмес, мындай бийликти шайлаган букараларына да тиет экен. Бүгүн орус элинин тагдырынан ушуну көрүп турам.

Ырас, мындай болот деп орустардын үч уктаса түшүнө кирбесе керек. Кудум жомоктогудай эле окуя болуп жатат. Отуз жылдан ашуун мезгилден бери мигранттарды жалдап иштетип жүргөн, канча жолу басынтып-кемсинткен, кээ бирлерин кул катары жумшап, кандайдыр бир теги төмөн адам катары мамиле кылган аксымдар өздөрү айткан "чёрныйлардын" ("чурки" дегендери да жок эмес) алдына зарыгып барып калабыз эч качан ойлобосо керек.

Албетте, мен орус элин табалагым келбейт жана орустардын да жакшыларын көп көрдүм. Бирок орус жеринде эки жарым жыл жүрүп, өзүм көргөн, өз жон терим менен сезген чындыкты да жашырбай айтышым керек.

Бир жолу токой аралап жалгыз келе жатсам, алдымдан күрсүйгөн орто жаштагы бир киши чыкты. Жетелеген ити да өзүндөй чоң экен. Тушташ келгенде иттен кооптонуп четке чыга бердим. Ит "ав!" деп күтпөгөн жерден мени көздөй качырды. Жаным оозума тыгылып, токойду аралап качып араң кутулдум. Ээси арачалап, итин токтотуп калгандын ордуна менин артыман күшкүлөп, мени оозго алгыс сөздөр менен катуу сөктү. Балким, ошондо ит мага жетип, талап өлтүрүп салганда тиги неменин кылы да кыйшаймак эмес. Эс-учумду жыйып, өзүмө келгенден кийин кебете-кепшири аюудай болгон немеге мен эч жамандык кылбасам, мен мурда-кийин аны көрбөсөм, ал эмне үчүн мындайга барды деп башым катты. Анын мындай жосунуна аң-таң болдум.

Мунун себебин кийинчерээк түшүндүм. Көрсө, айрым көпкөн орустар бизди теңсинбей, мурда европалыктар африкалыктарды кул катары көргөндөй эле көрөт экен. Алар бизди "каралар" деп атаганынын себеби да ошол тура. Өздөрүн европалыктар, таза кандуу, маданияты бийик, илим-билимдүү эсептеп, бизди жапайы, караңгы, артта калган эл катары санайт экен. Мен ошондо ал баскан жол менен баспашым керек экен, ага жолукпашым керек экен. Мени капа кылган мындай мамилеге кийин да бир нече жолу дуушар болдум. Мен сыяктуу эле басынтууга, кодулоого туш болуп жүрүшкөнүн башкалардан да уктум.

Эми минтип орустардын да башына чоң сыноо түшүп жатат. Алардын мындай тагдырга туш болушуна бир гана президент Путин же путинчилер күнөөлүү эмес, эң биринчи кезекте өзүнүн кайдыгерлиги, өзүмчүлдүгү (кайсы бир даражада коркоктугу) менен ушундай кейиштүү абалга жеткирген Орусиянын эли да айыптуу. Алар мындай болот деп такыр ойлогон эмес да! Дээрлик көпчүлүгү жети ай бою үн катпай, "мунун баарынын мага тиешеси жок, мейли, украиндер боо түшүп кырылса кырыла берсин, өзүм, үй-бүлөм ж.б. тынч-аман болсок болду" деп жашап келди.

Эми минтип путиндик мобилизация (тагыраагы, украиндиктер туура атагандай, "могилизация") алка-жакадан алып, ажал көзүнө көрүнгөндө алапайын таппай турат. Бир күндүн ичинде эле жүз миңдеген орустар жанын алып качты. Бир күндүн ичинде жүз миңдеген орустар үй-жайынан ажырап, ай талаада калды, бир күндүн ичинде тектеш украиналыктардын кейиштүү кейпин кийди.

Бул кан күйгөн согуш качан токтойт, алардын эртеңки тагдыры кандай болот, аларды алдыда кандай күн күтөт – болжолдоп айтуу кыйын.

Орусиялык качкындар, бизге, Кыргызстанга да келип жатат. Балким, алардын арасында арийчилик илдети менен ооругандар, т.а. борбор азиялыктарды кемсинтип, басынтып жүргөндөр да жок эмес. Бирок качып келип жаткандардын буга чейин бизге мамилеси кандай болбосун, биздин мыйзамдарды бузбаса, биздин элдин үрп-адатын, маданиятын сыйласа, бизге жамандыгы тийбесе, биз аларды кучак жайып тосуп алышыбыз керек. Буга бизди эл аралык ченемдер эле милдеттендирбейт. Те ата-бабалардан бери келе жаткан меймандостугубуз, адамгерчилик касиет-сапатыбыз, кыргыздын канында бүткөн бирөөнүн кайгысына кайдыгер боло албаган боорукерлигибиз милдеттендирет.

Биз аларга айкөлдүгүбүздү, кыргыздык (же борбор азиялык) кең пейилдигибизди, сабырдуулугубузду, күйүмдүүлүгүбүздү көргөзүшүбүз зарыл. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: "Баардыгы баарыбызга тиешелүү", - деп айткан. Демек, биз алардын тагдырына кайдыгер болбошубуз керек.

Ушул күндөрү Бишкек, Ош шаарларында батирлердин наркы асман чапчыганын угуп алып катуу таң калып отурам. Кантип ушундай болсун! Бирөөнүн айласыз абалынан же кайгы-муңунан акча жасап, ким жакшылыкка жетет? Мүмкүн, кудай орустарды эле эмес, аларды бизге келтирип бизди да сынап жаткандыр? Булар ансыз да кыйын кырдаалга туш болгон орустарды талап-тонобойт бекен, алардан пайда көрбөйт бекен деп биздин ынсап-топугубузду тараза ташына коюп жатып жүрбөсүн?

Эмнегедир менин эсиме 1916-жылдагы Үркүн түшүп кетти. Бир кап буудайга уйгурдун көпөстөрүнө сатылган кыргыздын жаш кыздары түштү. Биз ошол көпөстөрдөй болбойлу. Утурумдук пайдага азгырылбай, адамдык бийик сапатыбызды сактайлы. Өзүбүздү бир саамга ошол үй-жайынан, мекенинен ажырагандардын ордуна коюп көрөлү. Аларга колдон келген жардамыбызды берели.

Орус качкындары жөнүндө эң оболу өкмөт кам көрүшү абзел. Алардын ар бирин каттоого алып, өздөрүнүн мүмкүнчүлүгү жок болсо, турак-жай, тамак аш менен камсыз кылышы шарт. Ал эми ыктыярчылар, сооп иш кылам дегендер кол кабыш кылса, каражат ж.б. жагынан кайрылышса дагы жакшы. Кыргызстанда кайсы бир мөөнөткө жашап калам дегендерге жумуш таап берүү маселесин да караштыруу керек. Бир дагы качкын баш паанексиз же ач калбагыдай болсун. Анан албетте, четтен келип жаткандарды коопсуздукту камсыз кылуучу органдар тыкыр көзөмөлгө алып турушу абзел. Алардын арасында бизге душмандык кылгысы келген бузукулары, чагымчылары жана дагы башка опурталуу кишилер жок деп айтып болбойт.

Арийне, жүз миңдеген орустардын жылуу турагын таштап кетип жатканы өтө өкүнүчтүү. Балким, бул бир жагынан орус элинин алдыдагы тагдыры, Орус мамлекетинин келечеги үчүн пайдалуу да болор. Ондогон жылдардан бери путинизм идеологиясы зомбиге айландырып, кулчулук психологияны (же биз дүйнөгө үстөмдүк кылышыбыз керек деген рашизм идеясын) кан-жанына сиңдирген орустардын көзү ачылып, өз жаңылыштыгын түшүнөр, алардын эркиндикти көздөгөн, демократиялуу коомду курууну максат кылган дем-дымагы ойгонор.

Жарыша куралданууну, бөлөктөргө күч менен үстөмдүк кылууну эңсебей, маданият, илим-билим жана жаңы технологиялар аркылуу теңтайлашчу ачык коомду курууга мезгил жеткенин аңдап-баамдар.

XS
SM
MD
LG