Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөдө убактылуу жүргөн жарандар дагы мобилизацияга тартыларын четке какты. Мунун алдында социалдык тармактарда буга байланыштуу маалымат тараган эле. Деген менен соңку күндөрү ар кандай кырдаалдан чочулап, мекенине кайткан мигранттар көбөйүп жатат.
Москвадагы кыргыз элчилиги социалдык тармактарга жарыяланган, Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцевдин колу коюлган делген документ жалган экенин билдирди.
Бул жасалма кагазда 1-ноябрга чейин Орусияда убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандарды мобилизацияга тартуу жол-жобосу даярдалып, ишке ашырылышы керек деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле аскер комиссариаттарына барбаган чет өлкөлүк жарандарды ишке уруксаты жокко чыгарылып, Орусияга кирүүгө беш жылга тыюу салынат деп жазылган.
"Элчилик соцтармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу, анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда жарыяланган мобилизация кимдерге тийиштүү экени тууралуу түшүндүрмө берген. Анда Орусияда убактылуу иштеп же окуп жүргөн кыргыз жарандары мобилизацияга тартылбай турганы, ал эми орус жарандыгы барлар аскерге чакырылары айтылган.
Орусиядагы “Ноокат” коомунун жетекчиси Толкунбай Акматовдун айтымында, соңку жагдайлардан улам Кыргызстанга кайткан мекендештер көбөйдү.
"Мен билгенден көбү эле кетип жатат. Мисалы, менин жакын иним кетти. Бир жердешим мурда Баткен согушуна катышкан эле, өзү мергенчи болчу, орус жарандыгы бар эле. Ал "мени биринчи болуп алып кетет" деп кетип калды. Ага окшоп көбү эле кетип жатат. Жашы 18ге толгондор, корккондордун көбү эле кетип жатат. Мобилизация жарыяланган биринчи күндөрү ызы-чуу болуп жатты. Азыр эми элдер кичине өзүн кармап, аяк-башын жыйнап, ойлонуп иш кылып жатат. Менин бир иним башында машина менен кете берейин деп, кайра калып калган. Азыр эми кайра коркунучтуу боло баштаганын айтып, үй-бүлөсүн алып учак менен жөнөп жатат. Украинага согушка барып, колго түшкөндөрдү, согуш эмне экенин көрүп жатышпайбы. ДЭР, ЛЭР Орусиянын курамына өткөндөн кийин "чек ара жабылып, баарын чекесинен мобилизацияга тартат экен" дегендей ар түрдүү сөздөр чыгып жатат. Мындан улам эртерек чыгып кетели деп ойлонгондор көп",-деди Акматов.
Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрдан тартып жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан. "Новая газета. Европа" басылмасы жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго жакын адам мобилизацияга тартыларын жазган.
Мындан улам Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттарды этият болууга чакырган жана эгер согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе, дароо элчиликке кайрылуу керектигин, чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышса жоопко тартыла турганын эскерткен.
Деген менен Орусиянын Сахалин өңдүү айрым аймактарында азырынча кыргызстандык мигранттар чочулабай жашап, иштеп жатат. Бул тууралуу Сахалиндеги кыргызстандык активист Акылбек Юлдашов айтып берди.
"Бул жерде баары эле тынч. Биринчи мобилизация жарыяланганда бул жактан 1900 адам кетти деп айтышты. Негизи Сахалинден төрт миң адам кетиши керек экен. Кеткендердин баары жалаң орустар болчу, бир дагы мусулман болгон эмес. Бул жакта кетти, качты деген деле жок. Москвада эле тополоң болуп атканын, орустар барып Казакстанга, Кыргызстанга тыгылып калганын интернеттен эле көрүп жатабыз. Бул жерде андай деле жок".
Орус президенти мобилизация жарыялагандан бери орусиялыктар чет өлкөлөргө, анын ичинде Борбор Азияга көп кетип жатат. Мындан улам кыргыз бийлиги дагы Орусиядагы жарандарын жапырт чакырышы керек деген сунуштар да айтыла баштады. Бирок бул демилгени Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Болот Жунусов колдобойт.
"Убактылуу жүргөндөргө тийбесе керек, ал эми жарандыгын алгандар мобилизацияга илиниши толук мүмкүн. Хакасияда кыргыз диаспорасындагы лидерлердин бири атайын бөлүктө кызмат өтөп, болгондо дагы көзгө атаар экен. Менимче ошондой балдардын баарын чогултуп кетти болушу керек. Ар кандай адамдар бар да, арасында акчага, жеңилдетилген тартипте жарандык алууга кызыгып кеткендер болушу мүмкүн. Кыргызстанда отуруп алып деле согуш романтикасына кызыккандар деле бар да. Бизде атайын мыйзам бар, согушка жалданып катышканга болбойт. Ал жактагы биздин мигранттар иштеп жүрөт, акча таап үй-бүлөсүн багып жатат. Аларды "кел" деп чакырып алгандан эмне чыгат. Божомолдорго ылайык, мигранттар кторгон акча 11% көбөйөт деп жатат. Кандай кыйынчылык болсо дагы миганттар акча которууларды көбөйтүп жатат. Аларды "кел" деп чакыргандан көрө орустар менен сүйлөшүш керек. Кыргыз жарандары согушка катышпасын айтуу керек. Менин угушума караганда, кош жарандуулугу барлар Орусиядан качып жатат".
Деген менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов мобилизацияга байланыштуу кыргыз бийликтери чукул чечим кабыл алып, ар кандай кырдаалга даяр болушу керек деген ойдо.
"Бул жерде бир коркунуч бар - акчага кызыгып кээ бир жарандар согушка баруу үчүн келишимге кол коюшу мүмкүн. Ошол жактагы биздин элчибиз ушундай кадамга баруу кылмыш экенин айтып маалымат бериши керек. Бул коркунучтун кесепетин алдын алышыбыз керек. Азыр Орусияда иштесе болот. Бирок азыр чын-чынында согуш мындан ары кандай болот деген нерселерди биз билбей жатабыз. Орусия айрым украин облустарын кошуп алгандан кийинки абал кандай болорун билбейбиз. Жарандар албетте, чечимди өздөрү кабыл алышы керек. Бирок мамлекетибиз дагы чоң коркунучтарга даяр болушу керек. Учактарды даярдап, керек болуп калса ким кетүүнү кааласа ошолорду алып чыгып кеткидей болушу керек".
Орусияда бир миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын 500 миңден ашууну орус жарандыгын алганы Жогорку Кеңештеги жыйындардын биринде айтылган.