Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:26

УКМК чек арада табылган аскердин сөөгү ДНК-экспертизага жөнөтүлгөнүн билдирди


14-17 сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийинки сүрөт, Баткен облусу. 2022-жыл.
14-17 сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийинки сүрөт, Баткен облусу. 2022-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы "2022-жылдын 14-17 сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийинки ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө бронежилет кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылгандыгын" кабарлады.

Расмий маалыматта сөөктүн 90 пайызы жабыркагандыктан, анын тек-жайын дароо аныктоо мүмкүн болбой жатканы айтылды. Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта табылган сөөк дайынсыз болуп жаткан лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүн.

"Анарбековдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогондугуна байланыштуу тиешелүү иликтөө органдары тарабынан каза тапкан адамдын өздүгүн аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында генетикалык-экспертиза - ДНК-тест өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга керектүү материалдар жөнөтүүгө даярдалды. ДНК-тесттин жыйынтыгы каза тапкан аскер кызматкердин ата-энесине жана жакын туугандарына маалымдалат. Ошону менен бирге генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин лейтенант Дастан Анарбековду издөө иш-аракети улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан мурдарак Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев Баткенде куралдуу кагылыш маалында дайынсыз жоголгон жоокер Дастан Анарбековдун апасы бийлик өкүлдөрү менен бир канча күндөн бери жолуга албай жатканын билдирген.

21 жаштагы Дастан Анарбеков Аскер институтун аяктап, Баткен облусуна жөнөтүлгөн. Ал 17-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат. Буга чейин жоокердин жакындары жардам сурап президентке жана Улуттук коопсуздук комитетине кайрылышкан.

Баткен: “Кара кагазы” келип, сөөгү жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:41 0:00

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG